Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:00

Дипломаттар Орусияга санкциялар узартылышы ыктымал экенин билдирди


“Азаттык” үналгысы менен баарлашкан бир нече дипломат Европа Биримдигинин дипломаттары 15-декабрдагы жолугушуусунда маселени талкуулабай туруп эле, Орусияга каршы санкцияларды дагы алты айга, келерки жылдын 31-июлуна чейин узартуу чечимин кабыл алышы ыктымалдыгын белгилешти. Санкция мөөнөтү январь айынын аягында бүтөт. 6-декабрда Брюсселде Украина маселеси боюнча сүйлөгөн АКШнын Европа Биримдигиндеги ишенимдүү өкүлү Адам Шуб АКШ “Орусия Минск келишиминин талаптарын аткармайынча санкциялар эч кандай жумшартылбайт” деген ишенимде деди. Ал Европалык өнөктөр да ушундай эле пикирде деген ойдомун деп кошумчалады.

АКШ жана Европа Биримдигинин санкциялары Орусиянын банк, энергетика тармактарына багытталган. Ал Орусия Крымды аннексиялап, Украина чыгышында жикчилдерге колдоо көрсөткөндөн кийин 2014-жылы киргизилген. (AiT)

XS
SM
MD
LG