Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:57

Погар: чек арадагы сырдуу ишкерлик


Ичине мигранттарды салган “сыйкырдуу” автобус Орусиянын чек арасынан чыгып, бирок Украинанын чек арасына кирбейт.
Ичине мигранттарды салган “сыйкырдуу” автобус Орусиянын чек арасынан чыгып, бирок Украинанын чек арасына кирбейт.

Орусиянын Украина менен чектеш Брянск облусунда Погар чек ара бекети жайгашкан. Бул чек ара бекетинде күнүнө Москва жана Москва облусунан келген жүздөгөн чет элдик мигранттар өлкөдөн чыгып, кайра кирет.

Мигранттардын мындай үзгүлтүксүз агымынан акча жасоонун жолун тапкандар да бар.

Погар Москвага эң жакын Украина менен чек ара пункту, андыктан убактысын жана акчасын үнөмдөгөн мигранттар ушул жакка жөнөйт. Орусиядан Украинага чыгып, кайрадан жаңы миграциялык карта менен кирүүнү пландап бараткан мигранттар бул жолу чек арага жетпей жол жээктеги май куюучу жайда токтотулду.

Москвадан Погарга киши ташыган айдоочу Медет жеке унааларды чек ара тарапка өткөрбөй, мигранттарды андан ары кошумча акы төлөтүп, автобустар менен алып кетип жатканын айтып берди:

- Булар 1500 рублга кезексиз чек арадан чыгарып киргизишет. Эртең менен мен келгенде бул жакта эки жүздөй адам бар дешкен. Анан таксилерди өткөрбөй, адамдарды автобус менен алып кетип жатышат. Бир автобуста отуз кишилик орун. Эртеден бери бешинчи автобус кетти. Бир күндө болбоду дегенде он каттам болот, ар биринен 700 доллар пайда көрүшөт. Аны чек арачыларга беришет, айдоочуга төлөшөт, анан калганы өздөрүнө калат.

Миграциялык картаны ката толтургандарга кайра башка нуска берилбейт. Ошондуктан этияттык менен толтуруу керек.
Миграциялык картаны ката толтургандарга кайра башка нуска берилбейт. Ошондуктан этияттык менен толтуруу керек.

Чек ара бекетине үч чакырымга жетпеген жол калганда Москвадан бери үч миң рубль төлөп келген мигранттардан да акча өндүрүп жатышканына Медет нааразы. Бирок “бир нерсе десек, баарыбыз ишсиз калабыз” деген мекендешибиз кыргызстандык башка айдоочуларга жан тартат.

Автобустагы бир кишилик орун “чек арадан кезексиз өткөрөбүз, убактыңызды коротпойсуз, жылуу-жумшак өтөсүз” деген убадалар менен сатылат. Чек арадан өтүүдөн чочулап барган мигранттардын көбү мындай шарттарга ошол замат макул болушат. Чет жакта акча чогулткан унааларга өздөрү барышат.

Автобуска 1500 рубль төлөөдөн баш тартып, чек араны жөө өтүүгө келген мигранттар.
Автобуска 1500 рубль төлөөдөн баш тартып, чек араны жөө өтүүгө келген мигранттар.

Өзбекстандын 23 жаштагы жараны “кордук көргүчө акчасын төлөп, тынч өтүп кеткен жакшы” дегендердин бири. Автобустун айдоочусу берген миграциялык картаны жолду карай өзү шашпай толтуруп отурду.

- Автобус менен өтсөң чек арачылардын мамилеси такыр башкача. Документтерди деле катуу текшербейт. Чек арачылар да "ары бас, бери бас" деп кемсинтпейт. Бат эле өтүп кетесиң. Мурун өзүбүз эле жөө өтчүбүз. Бирок азыр акча төлөсөк деле автобус менен өткөн жакшы.

Чек араны автобус менен кезип өткөн мигранттарга Погар чек ара бекетинин кызматкерлери жакшы мамиле жасашат. Өтмөктө 10 мүнөткө жакын убакыт күтүп турган автобуска формачан чек арачы өзү басып келип, автобустун жүргүнчүлөрүнө түшүндүрмө берди.

- Жөө келгендер силерди акча төлөп, автобус менен кетишкен аңкоолор деп ойлоп жатышса керек. Мага ишенип койгула, азыр алар чек арадан чыккандан кийин кайра кире албай көпкө турушат. Силер ал жактан жашыл түстөгү унааны жана Украинанын эки чек арачысын көрөсүңөр. Алар ал жактан да “жөн эле” өтүп кетишпейт. Мен 100 пайыз кепилдик берем. Ошондуктан силер бул жактан “айдоочулар бизди алдап, бизден акча жасап жатат” деп ойлобогула. Бизде бүгүн текшерүү бар. Ошон үчүн силерди кичине күттүрүп жатабыз. Дагы 10 мүнөт чыдагыла, анан силерди өткөрөбүз...

Автобуста орун алган мигранттар. Погарга жалданма айдоочулар түнү менен жол жүрүшөт.
Автобуста орун алган мигранттар. Погарга жалданма айдоочулар түнү менен жол жүрүшөт.

Бир жарым миң рублин короткусу келбей, чек араны өз алдынча өтөм деген мигранттар да кездешет. Таңкы саат беште үч чакырым жолду жөө басып өткөн курбу кыздар кезекте туруп, чек ара бекетинде кара жумуш жасоого мажбурлап жатканын да айтып беришти.

- Пол жуудурат экен. Жуубасаң миграциялык картаңды алып калат экен. Бизди пол жуудурганга алып барышты, бирок биз баш тартканда 500 рублдан алып калышты. Айдоочу тааныш болгону үчүн 500дөн алды. Негизи эки миң рублдан алышчу экен. Эки миңди бербесең депортация кылып салат экен. Тиги байке “силерди жумуш кылдырыш үчүн эле алып кетиптир” деп айтты. Ушунча адамдын арасынан атайын аялдарды чакырып туруп алып кетишти.

Автобустагы орундар сүрөттөгү кара түстөгү унаада сатылат. "Билеттин" баасын төмөндөтүүгө, соодалашууга болбойт.
Автобустагы орундар сүрөттөгү кара түстөгү унаада сатылат. "Билеттин" баасын төмөндөтүүгө, соодалашууга болбойт.

Беш айдан бери Орусияда мыйзасыз жүргөнүн мойнуна алган курбулардын бири Бегайым чек арадан “кирди-чыкты” деген мөөрдү бастырууга жардам берем деген ортомчуга болгон акчасын карматкан.

Чек арачылар Бегайымдын документтерин текшерүүгө алып кеткенде ортомчу адам башка мигранттар менен чек арадан өтүп кеткен.

- 1,5 миң рубль берсең бул жактан миграциялык каттоосунун мөөнөтү өткөндөрдү деле алып киргизишет экен. Мен болсо акчасын эртең менен эле берип койгом. ФМСтенмин (Федералдык миграциялык кызмат - ред.) деген орус киши мени чек арадан алып өтмөк. Мен болсо тигилер менен жүрүп жетишпей калбадымбы.

Чек араны жөө өтөм деген мигранттар ушинтип чек аранын бери жагында турганда, автобустун жүргүнчүлөрү Орусиянын чек арасынан өтүп кетишти. Таңкалычтуусу мигранттарды салган автобус Украинанын чек арасына кирбестен эле кайра тартты. Ошентип автобустун жолдуу жүргүнчүлөрү экинчи өлкөнүн аймагын аттабаса дагы Орусияга кирди деген мөөрдүү болушат.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG