Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:16

HRW: Сочиде мигранттар эксплуатацияланууда


Сочидеги Кышкы Олимпия жайын куруп жаткан мигрант жумушчулар.
Сочидеги Кышкы Олимпия жайын куруп жаткан мигрант жумушчулар.

Укук коргоочу Хюман Райтс Уотч уюму Сочидеги Кышкы Олимпия жайын куруп жаткан мигрант жумушчулардын укуктары бузулганын айтып чыкты.

Фарух Миров түбү Тажикстандан, Сочиде кара жумушта иштейт. Анын айтымында, шаардагы мигранттардын айрымдары Орусиянын мыйзамдарын билбегендиктен, ортомчуларга жем болгон учурлар бар:

- Алар мыйзамдарды билбегендиктен ортомчуларга кайрылышат. Иш келишими деген эмне экенин билбегендер көп. Ортомчуларды ээрчип, Олимпия жайына барышат, бир нече ай иштегенден кийин айлык да албай, ал ортомчуну таппай да калган учурлар болот.

Сочиде кыргызстандык мигранттардын да укуктары бузулгандыгы тууралуу кабарлар болгон. Мына ушул жагдайды эми Хюман Райтс Уотч уюму иликтеп, атайын отчетун жарыялады.

2014-жылдагы Кышкы Олимпия оюндарынын алдында Орусияда мигрант жумушчулардын эксплуатацияланышы тууралуу документте айрым иш берүүчүлөр жумушчулардын айлыгын төлөбөй, күндө 12 сааттан иштетип, эс алууга аз күн берип, паспортторун алып койушаары айтылат.

Хюман Райтс Уотчтун Маскөөдөгү изилдөөчүсү Юлия Горбунова Азаттыкка отчет Армениядан, Борбор Азия, Сербия, Украинадан келген 67 мигрант жумушчу менен маектерге негизделгендигин билдирди. Алардын дээрлик бардыгы жыгач, темир уста, слесарь монтажник өңдөнгөн айлыгы аз жумуштарда иштешкендер:

- Олимпияда өтүүчү башкы жайларды куруп жаткан бул ондогон жумушчуларга убагында айлык төлөбөй, же кеч төлөп, аларды узак мөөнөт келишимсиз, начар шартта иштетишкенин аныктадык.

Документте жумушчулар киши котологон жайларда жашап, ичкен тамактары начар болгондугу белгиленет. Айрым учурларда аларга бир нече айлап айлык төлөшкөн эмес.

Бир жумушчу Хюман Райтс Уотчко 200 киши тыгылган имаратта жашаганын айткан. Убактылуу турак-жай менен иш берүүчү тарап камсыз кылган.

Мындай эксплуатацияга чет элдик жумушчулар адатта орус тилин жакшы билбегендиктен жана Орусияда жашоого тийиштүү уруксаты болбогон улам туш болот. Отчетко ылайык, мингранттардын көбү жергиликтүү жарандык коом же мамлекеттик органдар менен байланышта болгон эмес.

Хюман Райтс Уотч орус бийликтерин жана Эл аралык Олимпия комитетин мигрант жумушчулардын эксплуатациясын токтотуу жаатында чара көрүүгө чакырды.

Юлия Горбанова мындай жумушчулардын Орусияда мыйзамдык макам алышындагы тоскоолдуктардын бардыгын жоюшу керек деп эсептейт.

- Мигрант жумушчуларда алардын келишимдик же мигранттык макамына көз каранды болбогон, даттануу механизмдери да болушу керек.

Хюман Райтс Уотч Эл аралык Олимпия комитетин Орусияга жумушчулардын эксплуатациясын токтотуп, адам баласын сыйлоо керектигин эскертүүгө үндөдү.

XS
SM
MD
LG