Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:15

Орусия: мигранттар маселеси полицияга жүктөлдү


Москва, Казанск вокзалы
Москва, Казанск вокзалы

Орусияда Федералдык миграция кызматы жоюлуп, чет элдик жарандар менен иш жүргүзүү Ички иштер министрлигине өткөрүлдү. Мекемелер аралык мындай өзгөрүүдөн кийин мигранттарды текшерүүлөр күчөп, депортациялоолор көбөйгөнүн Орусияда эмгектенген чет элдик жарандар жана укук коргоочулар белгилешүүдө.

Орусиянын Федералдык миграция кызматы коррупцияга байланып, ишинен майнап чыкпаганы айтылып, өткөн айда жоюлган. Анын ордуна Ички иштер министрлигинин Миграция боюнча башкы башкармалыгы ишке кирип, күч органдары өз ишмердүүлүгүн массалык текшерүүлөр жана камоолор менен баштады.

Күтүлбөгөн мындай кырдаал Орусияда эмгектенген кыргызстандыктардын кооптонуусун туудуруп, мигранттарды убайымга салууда.
Гуля Рыскелдиева мектептен келаткан 13 жаштагы кызынан полиция кызматкерлери документ сураганын айтат:
- Кызым келе жатса полиция бирөөлөрдү текшерип жатыптыр. Анан өтүп баратса токтотуп, документтерин сураптыр. Мектепте окурун айтса, “мен билбейм, документтериңди көрсөт” дептир. Анан сумкасын ачып, китеп-дептерлерин көрсөткөндө гана коё беришиптир.
Москвада ашпоз болуп иштеген Жаныш Төрөгелдиев өзү күбө болгон кырдаалды мындайча сүрөттөйт:
- Текшерүүлөр күчөгөнү метродо көрүнүп турат. Интернетте, социалдык тармактарда жумуштан жана батирден кармап кеткендерди да окуп жатам. Мени бүгүн бир жолу токтотушту. Документтерим туура болчу, эч нерсе дей алышкан жок. Мен өзүм ашпоз болуп иштейм. Көчөгө ашыкча чыкпайм. Үй-жумуш, жумуш-үй...
Сот иштеринде мигранттардын таламын талашып жүргөн юрист Вадим Захаряев рейддер маалында кармалган жарандардын документтеринин мыйзамдуулугун текшерүүгө эле бир топ убакыт кетерин айтат. Убактылуу кармоочу жайларда 100 жарандын отузу кыргызстандыктар болушу мүмкүн.
- Федералдык миграция кызматы жоюлгандан кийин бир айдан бери рейддер күчөдү. Полиция мигранттардын документтерин текшерүүгө, керек болсо аларды 8-20 саатка чейин камакка алууда. Бир камерада адамдардын саны жүзгө чейин жетүүдө, алар суусуз, тамак-ашсыз, жада калса дааратканага бара албай отурушат. Ички иштер бөлүмдөрүндө мынча көп адамды камоого шарт жок, алардын документтерин текшерүүгө кызматкерлер жетишсиз.
Мурун Федералдык миграциялык кызмат менен иштешип, мигранттарга документ алууга жардам көрсөтүп келген “Руспартнёр” юридикалык компаниясынын башчысы Руслан Эшимов эми ички иштер органдары мигранттарга миграциялык документтерди кандайча берери ушул күнгө чейин белгисиз болуп жатканын айтат:
- Азыр 1-июнга чейин миграция кызматы өз милдетин аткарат. 1-июндан тарта иш кандай болору белгисиз. Имиштер боюнча чет элдик мигранттарга акылуу кызмат көрсөтчү Москва облусундагы Сахарово борборундай дагы бир мекеме ачылат. Азыр ИРС (Орусиянын Ички иштер министрлигинин каттоо кызматынын инспекциясы) деген борбор деп айтып жатышат. ИИМ орусиялык жарандарды гана тейлейт. Ал эми чет элдик жарандар ошо Сахарово менен ИРСке кайрылышы керек. 1-июнда расмий буйрук чыгат, ошондо так чечилет. Мурунку миграциялык кызматтын адистерин кетирип, жалаң ички иштер органдары отурат.
Былтыр январда Федералдык миграция кызматы чет элдик жарандарга миграциялык документтерди берүү системасын борбордоштуруп, Москва облусундагы Сахарово борбору ишке киргенде 100 миңден ашуун кыргызстандык жаран өз убагында документ ала албай, Орусияда мыйзамсыз мигрант катары “кара тизмени” толтурушкан.
Орусиялык укук коргоочу Валентина Чупик чет элдик жарандарга мыйзамдашууга кызмат көрсөтүү аскерий мекемеге берилгенин кооптуу көрүнүш дейт:
- 2012-жылы өз алдынча иштей баштаган Федералдык миграция кызматынын жетекчиси Ромадановский анчейин болбосо дагы миграциялык кызмат чет элдик жарандарга Орусияда мыйзамдашууга жардам бериши керектигин түшүнчү. Анда биз – укук коргоочу уюмдар бир нерсе кыла алчубуз. Бийликтин миграция кызматында мигранттарды тескөөчү аскерий бөлүмү болуш керек деген мыйзам долбоорун да токтотууга алыбыз жеткен. Эми мигранттардын тагдыры толугу менен полициянын колуна берилип жатат. Мурун мыйзам чегинде полиция чет элдик жарандын миграциялык статусун текшерүүгө укугу жок эле. Рейд учурунда камакка алынган мигранттарды ошентип чыгарып кетчүбүз. Эми азыртадан эле чет элдик жарандарды депортациялоо күчөгөнүн мигранттардын биздин уюмга жардам сурап кайрылууларынан көрүп жатабыз.
Учурда эмгек мигранттарынын документтерин текшерүү гана эмес, борбор азиялыктар ачкан мекемелерди дагы ИИМ көзөмөлгө алды. Өткөн жумада Бакыт Мамыров, Кабыл Жусуев аттуу кыргызстандык жарандарга тиешелүү мигранттарга юридикалык кызмат көрсөткөн бир нече кеңсе жабылып, жалган миграциялык документтерди жасаган, мыйзамсыз миграцияны уюштурган деген айып менен жалпысынан 13 жаран камакка алынган.
Эми эмгек мигранттарын өз колуна алган Ички иштер министрлигинин алдында Улуттук гвардия түзүлүп, анын жетекчилигине президент Владимир Путиндин мурунку жансакчысы Виктор Золотов дайындалган. ИИМдин Миграция боюнча башкы башкармалыгын жетектөө полициянын подполковниги Ольга Кирилловага тапшырылды.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG