Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:06

Айылына кол сунган "Бакы уулдары"


Чалма айылында суу чыгаруу маалында.
Чалма айылында суу чыгаруу маалында.

Орусияда иштеген кыргызстандык мигранттар арасында айылдаштар жана тууган-уруктар өз ара биригип, айылдык фонддорду түзүп, туулуп өскөн айылдарына, жээк-жааттарына көмөк көрсөтүп келишет.

"Бакы уулдары" бирикмеси Ош облусундагы Кара-Кулжа районунун Чалма айылында түптөлгөн. Бир уруунун балдары Москвада эле эмес, жалпы Орусия боюнча биригип, өздөрүнүн айылына жардам берип келишет. Үч жыл бою бирикмеге жетекчилик кылган Азамат Исакбаев бул арада кандай иштер жасалганын баяндап берди:

- Биринчи максатыбыз – бөтөн жерде жүргөндө бир туугандардын башын бириктирип, бири-бирибизге жөлөк болуу. Экинчиси - айылыбызга колубуздан келишинче жардам берүү эле. Ушул убакытка чейин бир топ иштер жасалды. Эң башкысы, айылыбызда суу чыгардык. Мал-жан үчүн, сугат жерлер үчүн. Айылыбыздагы 1941-1945-жылкы согуштан кайтпай калган аталарыбыздын урматына эстелик орнотуп жатабыз. Ушул 9-майда ачылышы болот. Мечитке жардам көрсөтүп келебиз. Жакынкы арада кийинки муунга мурас катары айылдын четине “бакча тигели” деп турабыз. Айылда дагы бир көйгөй бар. Ал эски көпүрөнү оңдоо. Аны дагы караштырып жатабыз. Ошто Алымбек датканын эстелиги курулганда жылкы сатып бергенбиз. Чүйдөгү бир туугандарга боз үй жана конок тосууга керектүү шаймандарды алып бердик.

Айылда жаңы аялдама орнотуу
Айылда жаңы аялдама орнотуу

“Бакы уулдары” бирикмесинин Москвада жүздөн ашуун мүчөсү бар. Ал эми жалпы Орусияда жана Казакстанда иштеген, ошондой эле Чүйдө жана Оштогу урук-туугандар менен бир топко жетет. Уюмдун ар бир мүчөсү ар үч ай сайын салымын кошуп, жылына 4 миң рублдан берет.

- Алайдан чыккан Тилеке баатырдын Иткүчүк деген уулунун уулу Бакынын урпагыбыз. Бакы атабыз көрөгөч, акылман киши болгон деп билебиз. Ошо Бакыдан тараган уулдардын урпактары башыбызды бириктирип, бир ата-эненин балдарындай жүрөбүз. Бул ортого чогулчу акчан биздин туугандар үчүн “страховка” сыяктуу. Буга чейин бул ынтымактан баш тарткандар эч болгон эмес. Эртең эмне болуп кетерин эч ким билбейт. Керек болгондо, дайыма жардам бөлүүгө даярбыз. Жалпысынан үч жылдын ичинде 1,5 миллион рублдай акча чогултуп, айылыбызга жана жардамга муктаж бир туугандарга көмөк көрсөттүк.

Кайрымдуулук
Кайрымдуулук

Башка айылдык фонддордон айырмаланып “Бакы уулдары” бирикмесинде жаңы төрөлгөн уул-кыздарга сүйүнчү берилет. Ошондой эле Орусияга жаңы ишке келип, кыйналып тургандарга жөлөкпул дагы бөлүнөт.

- Жакшылык менен жамандык эриш-аркак жүрөт экен. Кыргызстанда жамандык болобу, бул жакта бирикменин мүчөлөрү ооруп же көзү өтүп кетеби, ошол күнү жол чыгымдарын жаап, керектүү каражат менен колдоо көрсөтөбүз. Азыр башыбыз биригип калды. Бийликтен, өкмөттөн бир нерсе күтүп отурбай, өзүбүздүн колубуздан дагы бир нерсе келерине ынанып калдык. Мисалы, Дача СУда учак кырсыгынан жабыр тарткандарга “Элим барсыңбы” кайрымдуулук фонду аркылуу 75 миң рубль жардам жөнөттүк.

Бакы уулдары
Бакы уулдары

Орусияда 2005-жылдан бери иштеген Азамат Исабеков “Бакы уулдары” бирикмесин акыркы үч жыл бою жетектеп, эми айылдашы Талгат Алипбековго өткөрүп берген. “Айылыбызга кылган жардамыбыз – Кыргызстандын өнүгүүсүнө кошкон салымыбыз деп билебиз” дейт ал сөз соңунда.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG