Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:10

Орусияда мигранттар тарыхтан тест тапшырат


Орус тарыхы боюнча суроолор 2012-жылы мигранттар үчүн киргизилген орус тили боюнча тестке кошумча болот.

Орус тарыхы боюнча суроолор 2012-жылы мигранттар үчүн киргизилген орус тили боюнча тестке кошумча болот.

Ушул жылдын сентябрь айынан тарта Орусиядагы эмгек мигранттары ишке уруксат алуу үчүн орус тарыхынан тест тапшыра баштайт.

Орусияда көчө тазалап, кыш куюп, курулушта иштеген эмгек мигранттары 2015-жылга чейин орус тарыхынан тест тапшырышы керек. Жыйырма суроодон турган тест Киев Русу, падышалык бийлик, СССР доору сыяктуу Орусиянын тарыхынын негизги бөлүмдөрүн камтыйт.

Кремлчил басылма жарыялаган сынактын үлгүсүндө «Орусиянын акыркы падышасынын ысымы ким?”, “Куликов салгылашуусу качан болгон?”, “18-кылымдагы кайсы падышанын тушунда Крым Орусиянын курамына кирген?” деген суроолор бар.

Мигранттар тарых боюнча сынактан биринчи сентябрдан тарта өтүшөт. Орусиянын мыйзамына ылайык, 2015-жылдын январь айынан баштап ишке уруксат алуу үчүн тест тапшыргандыгы тууралуу сертификат талап кылынат.

Буга чейин орус тилинен киргизилген тесттер боюнча жалган сертификаттарды оңой эле таап, сатып алгандар болчу. Тест тапшырууга катталып, сертификат алам дегендер токсон доллар төлөшөт.

Тарых боюнча тест канчалык татаал жана аны тапшырган кишинин көрөңгөсү канчалык болуусу зарыл - азырынча белгисиз.

"Известияда” жазылгандай, тест учурунда мигранттарга тарыхый түшүнүктөрдүн сөздүгүн колдонууга уруксат берилет.

Тарых боюнча тестти түзүүгө катышкан Москвадагы Элдердин достугу университети суроолор жакында окуу жайдын сайтында жарыяланарын билдирет. Тестке жооп берүүгө отуз беш мүнөт бөлүнөт.

Орус тарыхы боюнча суроолор 2012-жылы мигранттар үчүн киргизилген орус тили боюнча тестке кошумча болот.

Бул чаралар Орусияда мигранттарга каршы маанайда улутчулдук күчөп жана эмгек мигранттардын агымы көбөйгөндүктөн улам кабыл алынды.

Орус тил боюнча сынак 15 мүнөттүк көркөм окууну, 10 мүнөттүк оозеки суроо-жоопту, грамматикалык тестти жана иш кагаздарын толтуруу боюнча дагы бир тапшырманы камтыйт.

Мыйзамга ылайык жогорку билимдүү адистер, студенттер, расмий катталган жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү бул сынактан өтүшпөйт.

Айрым эксперттер мындай тесттер ашыкча убара жаратып, ансыз да бул тармакта гүлдөп жаткан коррупциянын күчөшүнө жол ачаарын айтып, сынга алышууда.

  • 16x9 Image

    Элиза Кененбаева

    "Азаттыктын" Прага шаарындагы кеңсесинин кызматкери, "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу (2011-2013). Кыргыз-Орус (Славян) университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG