Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:19

Москвада “Каардануу күнү” деп аталган акция өттү


Day of Wrath
Day of Wrath

12-февралда Москвада “Каардануу күнү” деп аталган акция өтүп, натыйжада ондон ашуун киши камакка алынды.

Митинг аяктагандан кийин анын катышуучулары көчө бойлой президенттик администрация тарапка бет алышкан. Бирок алардын жолун милиция тоскон. Анткен менен митингдин катышуучулары мамлекет башчысына жазган билдирүүнү тапшырып калууга үлгүрүшкөн.

Акциянын катышуучулары “Бийликти алмаштырууга убакыт келди”, “Акы төлөөдө баа кымбаттабасын”, “Москваны тартипке салалы” деген өңдүү ураандарды кыйкырып турушту. Акция Санкт-Петербургда да өтүп, ага 100дөн ашуун киши катышкан.

Москвада “Каардануу күнү” деп аталган акция ушуну менен сегизинчи жолу өттү. Бул жолу митингге шаар башчысы уруксат берди. Муну митингдин катышуучулары жеңиш катары баалашты. “Химки токоюн коргоо” кыймылынын лидери Евгения Чирикова:

- Бул биздин алгачкы жеңишибиз. Бул жеңишти адатка айлантып алуу биздин милдетибиз, аны колубуздан тарттырып жибербешибиз керек.

Митинг учурунда асманга кара түстөгү шарлар учурулду. Муну менен “Каардануу күнү” акциясынын катышуучулары бийликке ишеним көрсөтпөй турганын айтышты. “Солчулдар фронтунун” координатор Сергей Удальцов “бүгүн бардык жерде митинг өткөрүү эркиндиги, сөз эркиндиги кысымга алынууда”,-деди.

Митингге келгендердин көпчүлүгүн ар кайсы кыймылдардын өкүлдөрү түзөт. Мисалы, алардын арасында үй курууга акча төлөп, бирок алданып калгандар да болду. Алар 2005-жылы өз каражатын кошуп турак-жай курууга жол ачкан мыйзамды сынга алышты. Кийин шылуундар алардын акчасын чогултуп, качып кетишкен.

Митинг аяктагандан кийин анын катышуучулары президенттик администрация тарапты көздөй жол тарткан. Муну жүрүш катары баалаган милиция алардын жолун тосуп, айрымдарын камакка алды. Милициянын башчысы митингдин катышуучуларын үйлөрүнө тароого үндөдү.

Москвада бардыгы болуп 20 киши кармалса, Санкт-Петербургда 7 киши камакка алынган.

XS
SM
MD
LG