Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:53

Швеция парламентинде “орус тыңчысына” байланыштуу чыр чыкты


“Швеция демократтары” улутчул партиясынын саясий катчысы, теги орусиялык Александр Фридбакка байланыштуу Швеция парламентинде саясый жаңжал чыкты. Швециянын коргоо министри Петер Хульквист партиянын лидерине орусиялык жаран өкмөттө жүрбөшү керектигин айтып, Фридбак атайын кызмат тарабынан тыңчы катары шектелип жүргөнүн айтты. ММКдагы курч пикирлерден улам Фридбак партиядан чыгып кетти.

Фридбак Швециянын миграциялык башкармалыгында жана швед радиосунун орус кызматында иштеген. Ал өлкөдө блогер жана журналист катары белгилүү. Буга чейин ММКлар Александр Фридбак 2014-жылы орус бизнесменинен арзан баада үй алып, эки айдан кийин 700 миң долларга сатканын жазган. Бул сатып-алуу келишими журналисттер менен социалдык түйүндөрдө Фридбакка байланыштуу күмөн ойлорду күчөткөн.

Швед университетинин кызматкери Ларс Никандер Фридбак жашыруун маалыматтарга да ээ болуп келиши мүмкүндүгүн, эгер бул маалымат такталса өлкө үчүн кооптуу экенин айтты. Фридбактын жабык жыйындарда катышуу укугу бар болчу. Ал Швециянын НАТОго кошулушу жана Nord Stream газ түтүгүн куруу сыяктуу маселелер менен жакындан тааныш болгон.

Швециянын полициясы өткөн жылы онго чукул орус тыңчыны аныктап чыккан. (SDz)

XS
SM
MD
LG