Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:30

МАИ кызматкерин тепкен ырчынын иши сотко өттү


Алтынай Жайнакова.
Алтынай Жайнакова.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан билдиришти. Алтынай Жайнакованын үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары аяктап, Ош шаардык сотуна өткөрүлүп берилди. Калган жыйынтыкты сот чыгарат.

Ырчыга Кылмыш кодексинин 234-беренесинин 3-бөлүмү (бейбаштык, коомдук тартипти коргоо боюнча милдетин аткарып жүргөн бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү) боюнча айып тагылган. Ага ылайык, Жайнакова 4 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

12-январда кызуу абалда машина айдап бараткан, өзүн ырчы, теле алып баруучу деп тааныштырган Алтынай Жайнакованы патрулдук милиция токтоткон. Жергиликтүү телеканалдардын бири тарткан тасмада көрсөтүлгөндөй, Жайнакова наркологиялык текшерүүдөн өтүүдөн баш тарткан. Милиция аны күчкө салып алып кетмей болгондо тартип сакчыларынын бирин унаа ичинен бетке тепкен. Бул окуядан кийин Жайнакова кармалып, бир күндөн кийин үй камагына чыгарылган. (ErN)

XS
SM
MD
LG