Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:55

Араванда чырдан үч окуучу бычак жеп, ооруканага түштү


Оштун Араван районунда мектеп окуучуларынын жаңжалынан үч окуучу бычак жеп, ооруканага түштү. Мындай маалыматты Ош облустук милициясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, чыр райондогу Уйгурабад жана Жаңыабад айылдарынын мектеп окуучуларынын ортосунда чыккан. Жаңжал учурунда окуучулардын бири бычак менен үч окуучу сайган. Жыйынтыкта 9-11-класстын үч окуучусу ооруканага түштү. Дагы бир окуучунун мээси чайкалганы белгилүү болду.

Окуя боюнча Араван районунун төрт тургуну кармалды. Алардын үчөө мектеп окуучулары. Учурда бул жаңжал боюнча кылмыш иш козголуп, тергөө башталды.(BkA/ErN)

XS
SM
MD
LG