Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:09

Иш издеп барып, дайынсыз кеткендер


Сүрөттө: Өткөн жылдан бери дайыны чыкпай аткан Талантбек Караев.
Сүрөттө: Өткөн жылдан бери дайыны чыкпай аткан Талантбек Караев.

Орусияда жылына 100 миңден ашуун адам жоголору айтылып жүрөт. Бул санга акча табуу үмүтү менен барып, дайыны чыкпай калган мигранттар да кошулган.

Канатбек Караев үч айдан бери Орусияда бир тууганы Талантбекти издеп жүрөт. Ал өткөн жылдын 22 - ноябрынан бери дайынсыз. “Кенжебиз эле, жакында Кыргызстанга кайтып, үйлөнүп, ата-энемдин жанында болом деп жаткан», - дейт Канатбек иниси тууралуу айтып жатып.

- Иним Талантбек 1986-жылы төрөлгөн. Жакында эле туулган күнү болду. 29га чыкты. Санкт-Петербург шаарында иштечү. Ноябрь айында кыргыз балдар үйүнөн чакырып алып кетишкен, эртеси күнү кыргыздардын кафесинен алып чыгышкан. “Биз таксиге отургузганбыз, айдоочу кавказ түспөлүндөгү адам болчу” деп жатышат. Бирок жергиликтүү полицияга барып, бул тууралуу көргөзмө берүүдөн качышты. Биздин болсо кайрылбаган жерибиз калган жок...

Былтыр Кыргызстандын Москвадагы элчилигине бул өлкөнүн аймагында беймаалым кеткен кыргызстандык жарандар тууралуу 19 арыз түшкөн. Алардын алтоосу гана дайыны чыккан болсо, калганы азырынча белгисиз. Элчиликтин Консулдук бөлүмүнүн юристи Кубанычбек Кожоев бул боюнча мындай маалымат берди:

- Бизге көбүнчө Москва шаарынан жана облусунан гана кайрылышат. 2012-жылы 11 адам кайрылып, анын үчөө табылган. 2013-жылы 20 арыз түшүп, бешөө табылган. 2014-жылы болсо 19 адам кайрылып, алтоонун дайын-дареги такталган. Адамдар жоголгондо иштеп же жашап жаткан райондогу полицияга барып, алар аркылуу издетүү керек. Биз болсо колубуздан келген ишти аткарып, оорукана, өлүккана, камакка алчу жайларга чалып, сураштырып беребиз. Жоголгондордун көбү административдик тартип бузуулар үчүн камакка алуучу атайын жайларга түшүп, ал жактан убагында тууган-тааныштарына телефон чалып айта албай калышат. Ошентип, арадан беш-алты күн өтүп кетет.

Кожоев кошумчалагандай, акыркы беш-алты жылдан бери издөөгө алынып, бирок ың-жыңы чыкпай кеткендер дагы бар.

Адвокат Павел Березин “Издейм сени” деген долбоору менен үч жылдан бери Орусияда жоголгон кыргызстандыктарды издеп келет. Ал Москвада жарык көрчү кыргыз тилдүү гезиттерге жоголгондор тууралуу маалыматтарды жайгаштырып, туугандарга жакындарын табууга көмөктөшөт.

- Биз Орусияга жаңы жашоо издеп келип, жыйынтыгында, адамдардын чоң агымында жоголуп кеткендерди издеп келебиз. Эмгек жана сексуалдык кулчулукка түшүп калган адамдарды дагы тапкан учурлар болгон, ата-энелердин жоголгон балдарын дагы таап бергенбиз. Өткөн жылдын октябрь-декабрь айларынын ичинде Орусияда издөөгө алынган беш кыргызстандык жаранды таптык. Бирөө – административдик тартип бузуу үчүн түрмөдө экен, бирөө – жиндиканадан табылды, бирөө бул жактагы туугандарына айтпай Кыргызстанга кетип калыптыр, экөө ушу Москвадан эле башка жакка көчүп кетиптир. Негизи, адамдар билимсиздигинен ар кандай оор акыбалдарга туш болуп калышат, же ишенчээктигинен кулчулукка кабылат. Башка бирөөлөрдүн паспорту менен абакка түшүп калгандар дагы бар. Мындай жагдайда жоголгондорду табуу кыйын. Москва көп адамдарды жутуп жиберип, кайра чыгарбайт.

Адистердин айтымында, мигранттардын дайынсыз жоголуусунун себептери ар түрдүү. Бөтөн жерде кырсыкка кабылып, дайынсыз кеткендер менен катар эле жоопкерсиздиктен улам, Орусияны түрө кыдырып кетип, жакындарын беймазага салгандар дагы арбын.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG