Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:08

Алексей Навальный беш жылга кесилди


Алексей Навальный Кировдогу соттун бүгүнкү өкүмүнөн кийин Москванын мэрлиги үчүн ат салышуудан баш тартышы мүмкүндүгү айтылууда, 18-июль, 2013
Алексей Навальный Кировдогу соттун бүгүнкү өкүмүнөн кийин Москванын мэрлиги үчүн ат салышуудан баш тартышы мүмкүндүгү айтылууда, 18-июль, 2013

Бүгүн Орусияда Киров соту оппозиционер Алексей Навальныйды тагылган айыптар боюнча күнөөлүү деп тапкан өкүмүн чыгарды. Навальный өзү ишти “саясий заказ” деп билет.

Оппозиционер Алексей Навальныйга өкүмүн чыгарып жатып, Кировдогу Ленин райондук сотунун судьясы Сергей Блинов:

"Сот Навальныйды кылмыш ишин уюштурган жана ага ишеним менен берилген ири мүлктү уурдаганга катышкан деп тапты", - деди судья Блинов.

Өкүмгө ылайык, Навальный беш жыл жалпы режимдеги колонияда камалат жана мамлекетке 500 миң рубль (15400 доллар) айып пул төлөөгө милдеттендирилет.

Мен жана кесиптештерим өлкөдөгү феодалдык түзүлүштү жоготуш үчүн иштейбиз
А.Навальныйдын соттогу сөзүнөн
Алексей Навальный 2009-жылы Киров облусунун губернаторунун кеңешчиси болуп турганда “Кировлес” ишканасынан жарым миллион доллардай акчаны уурдаган деп айыпталган болчу.

Соттун төрагасы айыпталуучу Навальный акчаны уурдаш үчүн башка компания менен жасалма иш келишимин түзгөнүн айтты.

"Навальный бул кылмыш планды ойлоп тапкан да, анын аткарылышын өзүнүн таанышы Офицеров менен көзөмөлдөгөн. “Кировлестин” мүлкүн уурдаш үчүн алар экөө жаңы уюм түзүшкөн, аны Офицеров башкарган", - деди судья.

Петр Офицеров Кировдогу “Вятка токой компаниясынын” башкы директору болгон. Соттун бүгүнкү өкүмүндө Офицеров төрт жылга кесилди.

Айыпталуучулар экөө тең сот залынан абакка алынып кетишти. Навальныйдын адвокаты Сергей Кобелев эми алар чечимди жокко чыгарыш үчүн доо арыз жазышаарын айтты.

"Заказдын" белгиси жок

Оппозициялык активистке каршы көрсөтмөнү сотто “Кировлес” ишканасынын мурдагы директору, кылмышты Навальный менен бирге жасаган деп айыпталган Вячеслав Опалев берген. Анын көрсөтмөсүн судья “ишенимдүү” деп тапты. Опалев Навальный менен чындап эле жашыруун кылмыш ишине барганын, бул үчүн күнөөнү мойнуна алаарын айтты. Акырында сот аны шарттуу кескен өкүмүн чыгарды.

Алексей Навальный президент Владимир Путиндин негизги сынчыларынын бири катары таанымал. Ага каршы ачылган кылмыш ишин оппозиционер өзү жана анын колдочулары бийликтердин ага каршы саясий чабуулу катары атап жүрүшөт.

Бирок судья Блинов бул иш “саясий заказ” экени тууралуу бир да далил көрсөтүлбөгөнүн белгиледи.

Алексей Навальный өзү ага берилген сөзүндө эң оболу аны менен кошо бул ишке “кокусунан эле” аралашып калган деп атаган ишкер Офицеровду актоону өтүндү. Ал эми өзү баштап алган нугунан, багытынан кайтпай турганын ырастады.

"Мен жана менин кесиптештерим Орусиядагы азыркы феодалдык түзүлүштү жок кылыш үчүн колдон келгендин баарын жасайбыз, - деди оппозиционер. - Биз өлкөдө бүтүн улуттук байлыктын 83% калктын 5% карап калган азыркы саясий системаны кыйратыш үчүн иштейбиз".

Шайлоого катышпайт

Кечээ Москвадагы шайлоо комиссиясы Алексей Навальныйды быйыл сентябрда мэрди шайлоого талапкер катары каттаган. Бирок бүгүн Кировдогу соттун чечиминен кийин активисттин расмий өкүлү Леонид Волков “Навальный шайлоого катышпай турганын” билдирди.

"Бүгүндөн тарта муну шайлоо деп атаганга болбойт деген принципиалдуу чечим бар. Түрмөдө отурган жерден шайлоого катышуу мүмкүн эмес, шайлоочулар менен жолуга албайбың. Жакынкы күндөрү бул чечимдин юридикалык жагы чечилет", - деди Волков.

Кировдогу соттун алдында өкүм угузулуп жатканда Навальныйды колдогондордун митинги өттү. Митингде полиция менен кагылышуу болуп, айрымдар кармалганы айтылууда.

"Өкүм көңүл калтырды"

Соттун бүгүнкү чечимине карата Америка Кошмо Штаттарынын Москвадагы элчиси Майкл Макфол Твиттерде: “Биз Навальныйга чыгарылган өкүмгө жана соттогу ачык эле көрүнгөн саясий өңүткө аябай көңүлүбүз калып турат”, - деп жазды.

Евробиримдиктин тышкы иштер министри Кэтрин Эштон билдирүүсүндө айыпталуучуларга тагылган күнөөлөр отурумда толук далилденбегенин белгиледи. “Ошондуктан бул өңдүү өкүмдүн чыгарылышы Орусиядагы мыйзам үстөмдүгү жөнүндө мамлекетке олуттуу суроолорду жаратат” дейт К.Эштон.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG