Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:42

Кремль Навальныйды кысууда


Орусиялык блогчу жана оппозициячыл лидер Алексей Навальный "Киров токой" фирмасынын каражатын уурдады деп айыпталды.

Навальныйга Москвадан эч жакка чыкпоо буйрулду. Орус бийликтери ай башында Навальныйга эки жыл мурдагы эски тергөө ишин кайра ачкан эле.

Тергөөчүлөрдүн билдиришинче, Киров облусундагы фирма 2009-жылы апрель-август айларында Навальныйдын аракетинен улам 1 миллион рубль же 30 900 доллар зыян тарткан. Ал кезде Навальный облус губернаторунун кеңешчиси болчу. Эгер 36 жаштагы Навальныйдын айыбы ырасталса, 10 жылга чейин абакка кесилиши мүмкүн.

31-июлда тергөөчүлөр Алексей Навальныйды 16 миллион рублден ашык каражаттын жок болуп кетишине жоопкер деп да чыгышты.

Оппозиция лидерлеринин бири Алексей Навальный мындай айыптоолорду негизсиз деп четке кагып, атүгүл таң калычтуу деп да атады. Анын арызын 2-августта Москванын Басман райондук соту карамай болду.

- Мени казынага 16 миллион рубль зыян алып келди деп айыптап жатышат. Бул үчүн 10 жылга чейин эркимен ажыратышат экен. Бул өтө таң калычтуу. Анткени 16 миллион деген сандын өзүн түшүндүрүп берүү мүмкүн эмес.

Москвада оппозициянын митинги, 26-июль, 2012-жыл
Москвада оппозициянын митинги, 26-июль, 2012-жыл
Кремлдин каарына калган блогчу буга чейин президент Владимир Путинге каршы акцияларды уюштурганы үчүн эки ирет кыска мөөнөткө түрмөгө жатып чыккан болчу.

Орусиянын оппозиция лидерлери жана укук коргоочулар Навальныйга айып коюлганына дароо тынчсызданууларын билдиришүүдө.

"Солчул фронттун" лидери Сергей Удальцов Кремлдин бул аракетин оппозицияга каршы жасалган ачык басым жана саясий буйрук деп атады. Ал оппозиция 6-майда Путиндин бийликке кайра келүүсүнө каршы акцияга чыккан демонстранттар менен милициянын ортосунда кагылышуу чыгып кеткенин негиз кармап, Кремль оппозициячылардын үйүн тинтип, аларга каршы кылмыш иштерин козгоо аракетин көрүп келатканын белгиледи.

Москвадагы көз карандысыз Хельсинки укук коргоо корунан Людмила Алексеева Навальныйга коюлган айып – Орусияда оппозицияга каршы репрессиялык өнөктүктүн башталышынан кабар берерин айтты.

Кесиби боюнча юрист, 36 жаштагы Алексей Навальный – Москвадага оппозициянын тайманбаган өкүлү. Ал өткөн декабрда Орусияда бурмаланган парламенттик шайлоого жана Путиндин кайра шайланышына каршы акциялардын, митингдердин уюштуруучуларынын бири.

Навальный ага айып тагылардан бир аз мурда Москванын Хамовнич райондук сотунда Pussy Riot тобунун үч кызынын үстүнөн болуп жаткан сотту “орто кылымга мүнөздүү көрүнүш” деп сындаган.

Pussy Riot тобунун мүчөлөрү Надежда Толоконникова, Мария Алехина жана Екатерина Самуцевич чиркөөдө президент Путинди шылдыңдап, панк-зыярат өткөрүшкөнүн “этикалык жаңылыштык” деп, ал эми өздөрүнүн камалышын саясий максатты көздөйт дешкен.

Блогчу Навальныйдын айланасындагы окуялар боюнча Шведциянын тышкы иштер министри Карл Билдт Твиттерге “Орус бийлигинин оппозициялык активист Алексей Навальныйдын оозун басуу аракетине тынчсыздануу билдирүүбүз керек” деп жазды.

Тергөөнүн маалыматында 2009-жылы Алексей Навальный Киров облусунун губернаторунун кеңешчиси кызматын аркалап турган кезде "Киров токой" компаниясынын жетекчилигин пайдасыз чечим кабыл алууга түртүп, анын кесепетинен компания ири чыгашага учураган. Бирок аймактык тергөө органдарынын иликтөө иштеринин натыйжасында, Навальныйдын аракетинен кылмыш белгилери табылбагандыктан иш токтотулган болчу.

Эки жылдан кийин, үстүбүздөгү жылдын май айынын акырында тергөө комитети кылмыш ишин токтотуу боюнча токтомду жокко чыгарып, Навальныйга карата ишти кайра жандандырды.

Орусияда коррупцияга ачык күрөш жарыялап, ал тургай бир катар чуулгандуу иштерди коомчулукка жеткирген Навальныйдын минтип “уруу-кескиге” айлануусуна Орусиянын тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкиндин Прага шаарындагы үй-жайы менен Чехияда убактылуу жашоого расмий уруксат бардыгын таап чыгып, коомчулукка жарыялаганы себеп болгондугу да айтылууда.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG