Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:29

Чынара Эсенгул: Немцовдун өлүмү орус коомун өзгөртөт


Чынара Эсенгул
Чынара Эсенгул

"Азаттык" орусиялык оппозиционер Борис Немцовдун өлүмүнүн орус коомундагы саясий абалга, көз караштарга таасири туурасында кыргызстандык серепчи, саясий илимдердин кандидаты Чынара Эсенгул менен маектешти.

Эсенгул: Немцовдун өлүмүнөн кийин Орусияда саясий абал курчуп, ички жаңжалдар күчөйт деген ойдомун. Менимче, либерал же улутчул деп бийликке же оппозицияга карата саясий көз карашы, мамилесине байланыштуу абал агрессивдүүрөөк маанайга оойт. Деги эле коом менен бийлик ортосундагы мамиледе ишеним төмөндөй баштайт. Азыр деле абдан жогору эмес, бирок элдин Путинге, анын бийлигине мамилеси алмашат деп ойлойм.

"Азаттык": Орус бийлиги ошол мамилени жакшырта алабы? Себеби, көп эле эксперттер (алардын арасында орусиялык да) быйылкы жылды Орусияда чоң экономикалык кризистин башталышы деп да атап жатат...

Борис Немцовду эскерүү жүрүшү. Москва.
Борис Немцовду эскерүү жүрүшү. Москва.

Эсенгул: Немцовдун өлүмүнө бийликти күнөөлөп жаткан ой-пикирлерге жалпысынан кошулам. Анткени мамлекетте ушундай мамилелер, атмосфера боло тургандай жагдай түзүлүп калды. Бирок ошону менен катар эмне үчүн Орусиянын экономикасы, деги эле жалпы саясий, психологиялык, моралдык абал ушундай болуп жатат деген маселени да унутпашыбыз керек...

"Азаттык": Эмне үчүн андай болууда?

Эсенгул: Украинадагы жаңжал, Крым менен Севастопол Орусияга кошулганы, Донецк, Лугансктагы абал Орусиянын элин башкача бир психологиялык абалга жеткирип койду окшойт. Ошондуктан бийлик аракет кылса да коомго оор болуп жатат, анткени Орусияда жагдай абдан курчуп, оор деңгээлге жетти. Соңку окуя бийликке да ойгонуп, башкача көз караш менен мамиле кылуусуна түрткү болот го дейм.

Бул өлүмдүн артында Путин турбайт деп айткан кезде да ал кандайдыр бир өзгөрүүлөрдү киргизсе да, оорчулуктарды коом канчалык түшүнүү менен, сабырдуулук менен кабыл алган күндө да, кайсы тарабын алба, оор болот. Кандай болуп өзгөрүп кетет деп так айтуу кыйын, бирок жаңыча ойлонууга, ойгонууга, коом менен бийликтин бири-бирине болгон мамилесин карап чыгууга чоң түрткү болот.

"Азаттык": Учурда Немцовду эскерүү иш-чаралары, миңдеген адам чогулган жүрүштөр Орусиянын өзүндө да, Европанын ири шаарларында да өтүүдө. Бийликти айыптаган өтө курч ураандар айтылып жатат. Бирок орус мамлекеттик телеканалдар аны көрсөткөн жок. Азыркы орусиялыктардын саясий аң-сезимин, турумун кандай деп мүнөздөйт элеңиз?

Москва, Орусия
Москва, Орусия

Эсенгул: Каякта болбосун, расмий маалымат каражаттары ар кандай көз караштарды, бирок ошол эле учурда бийликти колдогон маалыматты берет. Ошондуктан Немцовдун өлүмүнө байланыштуу азыркы окуядан улам биз дагы критикалык ой жүгүртүп, башкача кабыл алууга умтулат болушубуз керек. Соңку окуяларга карап, Орусияда либералдык күчтөр канчалык күч алганын билсек болот.

Мурда да Путиндин режимине каршы чыгып жүргөн чоң марштардан жалпы орус коомунда либералдык өнүгүүнү колдогон чоң катмар бар экенин көрдүк эле. Азыр аларга “силер күчүңөрдү көбөйтүп, саясаттагы идеяңарды коргоп, өз мамлекетиңердин өнүгүшү үчүн күрөшкүлө, бириккиле” деген чоң сигнал болууда.

Жалпысынан айтканда, азыр орус коому өзүн жоготуп, эңгиреген абалда тургансыйт. Андыктан канчалык деңгээлде Путинге каршы, Украинадагы согушка каршы же колдойт деп айтуу кыйын.

XS
SM
MD
LG