Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:54

Орусия 1993-жылдагы кандуу окуяларды эскерүүдө


Парламент имаратын мээлеп турган танк. Москва, 4-октябрь, 2013.
Парламент имаратын мээлеп турган танк. Москва, 4-октябрь, 2013.

Орусияда 1993-жылдын 3-4-октябрындагы трагедиялуу окуялардан бери 20 жыл өтсө да ошол кырдаалга бирдиктүү баа берилбей келет.

Орус президенти Борис Ельциндин парламент депутаттары менен тирешүүсү өлкөнү жарандык согуш сызыгына чейин түртүп, көчөлөрдөгү кагылышуулар жүздөгөн адамдын өмүрүн кыйган.

21-сентябрь: Ельцин парламентти таратты

Апрель референдумунун жыйынтыгына макул болбогон президент Борис Ельцин парламентти таратып, түздөн-түз президенттик башкарууну жарыялаган. Конституциялык сот президенттин аракетин Баш мыйзамга каршы деп баалап, президенттин кетишине негиз бардыгын айтып чыккан.

21-сентябрь күнү Ельцин парламентти таратуу боюнча өз чечимин коргоп, мамлекеттик телеканалдан сүйлөгөн:

- Мен силердин акылыңарга жана жарандык аң-сезимиңерге үмүт артам. Азыр бизде Орусияга жардам берүүгө мүмкүнчүлүк бар. Биздин өлкөдөгү тынчтык жана бейпилдик үчүн бул мүмкүнчүлүктү колдонобуз деп ишенем. Баарыңарды чарчаткан тирешүү Орусиядан куулушу керек.


20 жыл мурдагы окуялардан сүрөт баян



Руцкой убактылуу президент катары ант берди

Парламенттин чукул жыйынан кийин вице-президент Александр Руцкой - Ельциндин оппоненти - президенттин милдетин убактылуу аткаруучу катары ант берди. Анын аракети Ельцин, армия жана Батыш өкмөттөрү тарабынан таанылган эмес. 10 күн ичинде коммунисттер менен улутчулдарды камтыган жарым-жыртылай аскерий күчтөр парламент иштеген Ак үйдү ээлешкен. Көчөлөрдөгү кагылышууларда кан төгүлгөн.

Орусия парламентинин спикери, Ельциндин дагы бир каршылашы Руслан Хасбулатов 21-сентябрда Ак үйдө минтип сүйлөгөн:

- Мамлекеттик төңкөрүш түздөн-түз формасында ишке ашты. Бул төңкөрүштүн демилгечиси мыйзамдуулугун жоготкон президент Борис Ельцин.


2-октябрь: Баррикадалардын курулушу

Ак үйгө кеткен жолдордо Москвада митингге чыккандар баррикадаларды курушкан. Орусиянын православ чиркөөсү тараптарды мунасага келүүгө чакырганы менен, бул аракеттерден майнап чыккан эмес. Баррикада кургандардын бири мындай оюн билдирген:

- 1991-жылы деле эч ким Ельцинди коргогон эмес, алар биринчи ирет Конституцияны коргоп чыгышкан. Азыр да баррикада кургандар жеке инсандарды эмес, Хасбулатовду эмес, Руцкойду эмес, Конституцияны, кеңештерди коргоп чыгышты.

3-октябрь: Останкиного чабуул

Москва мэринин кеңсеси ээленип, Останкино телеборборуна чабуул жасалган. Демонстранттар полициянын курчоосунан өтүп, Руцкой жана Хасбулатов калың элге кайрылып, мурдагы Советтер Союзунун аймагына сигналы жеткен Останкинону алууга үндөшкөн.

Демонстарнттар мэриянын кеңсесин ээлеген соң, Останкинону көздөй бет алышкан. Ельцинге каршы чыккандар Останкинонун айрым кабаттарын ээлегенге үлгүрүшкөн, полиция менен кармашта ондогон адамдар өлгөн, ал эми Ельцин өзгөчө кырдаал киргизген.

Спикер Руслан Хасбулатов парламентте 4-октябрда мындай деген:

- Бүгүн Кремль алынышы керек. Останкино алынды.

Депутаттар аны колдоп, кол чабышкан.

4-октябрь: Ак үй аткыланды

Танктар Ак үйдү курчап, анын өйдөңкү кабаттарын аткылай башташкан. Кечке жуук аскер күчтөрү имаратка кирип, аны мыйзам чыгаруучулардан жана демонстранттардан бошотушкан. Руцкой, Хасбулатов жана башка лидерлер камакка алынышкан. Демонстранттардын да көбү камалган. Кеминде 150 адам каза болгон.

Вице-президент Александр Руцкой аскерлер тарабынан көзөмөлдөнгөн имараттын ичинен “Эхо Москвы” үналгысына телефон аркылуу байланышып, мындай деген:

- Мен күжүрмөн жолдошторума жалынам. Мени угуп жатсаңар, тез арада парламент имаратына жардамга келгиле! Аскер учкучтары мени угуп жаткан болсо, аскер машиналарын көтөргүлө. Бул банда Кремлде жана ички иштер министрлигинде отуруп алып, ошол жактан башкарууда. Суранам, адамдарды өлүмдөн сактагыла. Демократияны өлүмдөн сактагыла!

1993-жылдын 3-4-октябрындагы окуялардан кийин Борис Ельцин телеканал аркылуу элге мындайча кайрылган:

- Колуна курал кармап, башалмандыктарга катышкандардын баары мыйзам алдында жоопко тартылышат. Фашисттик-коммунисттик идеяларды таратып, көтөрүлүшкө үндөгөндөр да жазаланат. Аларды кечирүүгө болбойт.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG