Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:18

Doing Business рейтингинде Кыргызстан Кытайдан алдыда


Жалал-Абадда өткөн бизнес-форумда тартылган сүрөт. 9-июль, 2015-жыл.
Жалал-Абадда өткөн бизнес-форумда тартылган сүрөт. 9-июль, 2015-жыл.

Дүйнөлүк банк Doing Business боюнча чыгарган рейтингде Кыргызстан 75-орунда экени жарыяланды. Кыргызстандын туруму былтыркыга салыштырмалуу 8 тепкич ылдайлаган. Байкоо 189 мамлекет арасында жүргүзүлгөн.

Коңшу өлкөлөрдөн Казакстан - 35, Кытай- 78, Өзбекстан - 87, Тажикстан - 128-орунда.

Doing Business рейтинги - мамлекеттердеги орто жана чакан ишкердикке түзүлгөн шарттарды баалайт. Дүйнөлүк банк ар кандай эл аралык уюмдар менен биргеликте 2002-жылдан тарта бул жаатта изилдөө жүргүзүп келет.

Быйыл рейтингдин алдыңкы үчтүгүндө –Жаңы Зеландия, Сингапур жана Дания. Акыркы тепкичтерде Ливия жана Эритрея.

АКШ - 8, Орусия – 40-орундарда. (SE)

XS
SM
MD
LG