Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:08

Орусия: "Путин кет!"


12-июнда он миңдеген орусиялыктар көчө жүрүшүнө чыгып, президент Путиндин башкаруусуна нааразылык билдиришти.

Бул Владимир Путин өткөн айда үчүнчү мөөнөт президенттикке отургандан берки эл көп катышкан биринчи демонстрация болду. Тартип бузуулар же камакка алуулар жөнүндө маалымат жок.

Жамгыр себелегенге жана полиция демонстрацияны күч менен таркатат деген чочулоолорго, бийлик Орусиянын улуттук күнүнүн урматына түрдүү оюн-зоокторду уюштуруп, кээ бир музейлерге кирүү бекер болгонуна карабай, оппозиция уюштурган демонстрацияга москвалыктар жигердүү катышты. Полиция жөө жүрүшкө 18 миңдей адам катышты десе, оппозиция 30 миңден 100 миңге чейнин адам чыкканын айтууда. Ал эми Орусиянын акыйкатчысы Владимир Лукиндин эсебинде, жыйынга 100 миң чамалуу адам чыккан.

Чогулгандар Путинди президенттиктен кетүүгө, Шайлоо жөнүндө жаңы мыйзамды иштеп чыгууга, парламенттик жана президенттик шайлоону кайрадан өткөрүүгө үндөгөн резолюция кабыл алды. "Эркин Орусиянын манифести" деген резолюцияны көпчүлүккө экологиялык активист Евгения Чирикова окуп берди:

- Биз Конституциянын алкагында азыркы саясый түзүлүштү - бырчалап бузуу зарыл деп эсептейбиз. Ал үчүн эң алды Владимир Путин кызматтан кетүүгө тийиш.

Мамлекеттик Думанын депутаты, “Адилеттүү Орусия” партиясынын мүчөсү Геннадий Гудков чогулган элге кайрылып, өлкө калкын бийликтен реформаны тартынбай талап кылууга үндөдү:

- Биз өлкөнүн бардык жарандарын, чоң жана кичине шаарлардын бардык элин көчөгө жапырт чыгып, өлкө жана бийлик жөнүндө ойлорубузду ачык айтып, өзгөрүүлөрдү талап кылганга чакыруубуз керек. Орусия - эркин, демократиялуу, ал эми бийлик чынчыл болуусу шарт. Бул биздин өлкөбүз!

Президент Путин оппозиция уюштурган демонстрацияга байланыштуу ”Биз өлкөбүздү алсыраткан же коомубузду бөлгөн нерселерге макул боло албайбыз”, деп айтты.

Оппозициянын Москвадагы маршын колдоп, Тюмень, Уфа, Красноярск жана башка шаарларда чакан демонстрациялар өттү. Санкт- Петербургдагы нааразылык акцияга 500дөй адам катышты. Бул күнү Путиндин жана башкаруучу “Бирдиктүү Орусия” партиясынын тарапкерлери контр-демонстрацияга чыгышты.

Оппозициянын бир катар көрүнүктүү лидерлери Москвадагы демонстрацияга катышкан жок. Алар бүгүн 6-майда ордолуу шаарда өткөн демонстрациядан кийинки полиция менен болгон мушташка байланыштуу суракка чакырылды. “Солчулдар фронтунун” координатору Сергей Удальцов гана суракка кийин барарын эскертип, демонстрацияга катышты. Оппозиция лидери Борис Немцов болсо эл алдында сүйлөгөн соң прокуратурага суракка кетти.

Андан тышкары полиция 11-июнда оппозициянын кеңселерин, лидерлер менен айрым таанымал тарапкерлердин үйлөрүн тинтүүгө алды. Тележурналист Ксения Собчактын үйүнөн 1 миллиондой евро табылганы расмий маалымдалды. Ал өзү жылдык кирешеси 2 миллион рубль экенин, банктарга ишенбегендиктен, "акчаны үйдө кармаганга акылуумун" деп "Твиттер" тармагына жазды.


12-июнь Орусияда күнкорсуздук күнү. Москвада 20дан ашуун түрдүү оюн-зоок программалары, анын ичинде көргөзмөлөр, спектаклдер уюштурулду. 17 жылдан бери биринчи жолу шаардык планетарий да ачылып, ага киргендер үчүн бекер болду.

XS
SM
MD
LG