Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:06

“Ата Мекен” фракциясы интернет баасынын жогорулашын талкуулайт


Фракциянын катчылыгынан билдиришкендей, бүгүнкү жыйынга Маалымат технологиялары жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев, Монополияны жөнгө салуу агенттигинин жетекчиси Болсунбек Казаков, «Кыргызтелеком» ишканасынын төрагасы Эмил Эшеналиев чакырылган. Алар депутаттарга интернеттин сапаты жана анын акысынын жогорулоо себептери, маселени чечүү үчүн Казакстан менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү тууралуу маалымат беришет.

Буга чейин “Кыргызтелеком" казакстандык провайдерлер менен интернет баасын кымбаттатуу тууралуу бир жылдык келишимге үч ай мурун кол койгон документтер ачыкка чыккан. Муну атайын түзүлгөн депутаттык комиссия иликтеп жатат. (NT)

XS
SM
MD
LG