Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:17

"Миллиондордун жүрүшү" өттү, оппозиция суракта


Оппозиция уюштурган "Миллиондор маршы". 12-июнь, Москва
Оппозиция уюштурган "Миллиондор маршы". 12-июнь, Москва

Москвада орус оппозициясы кезектеги “Миллиондор маршын” өткөрдү. Анын соңунда "Эркин Орусиянын манифести" кабыл алынды. Оппозициялк активситтер сурак берүүдө.

Жүрүшкө катышкан миңдеген адамдар Владимир Путиндин президенттиктен кетүүсүн жана шайлоо системасын реформалоону талап кылышты. Жүрүшкө бир саат калганда оппозициянын активисттери Алексей Навальный, Илья Яшин, Анастасия Удальцова, тележурналист Ксения Собчак суракка чакырылып, демонстрацияга катыша алышпай калды.

Оппозициянын айтышынча, 12-июндагы жүрүшкө 20 миңден ашык адам чыкты. Полиция 10 миңдей адам чогулганын ырастады. 29 жаштагы Андрей деген жигит нааразылык акциясына чыгуу себебин мындай түшүндүрдү:

- Биз эмне үчүн келдик? Себеби биздин өлкөдөгү мыйзамсыздыкка, адилетсиздикке каршыбыз. Биз Путиндин жана бийликтин өлкөдө эмне былыктар болуп жатканын көрүшпөгөнүнө жае көргүлөрү келбегенине, демонстрацияга чыккан адамдарды "мекенчилдер эмес, саргылтымдар" жана башкалар деп каралашканына каршыбыз.

Мындай демонстрациялар 4-декабрдагы парламенттик шайлоодон бери маал-маал кайталанууда. 12-июндагы “Миллиондор жүрүшү” алдында бийлик оппозиция лидерлерине каршы жүрүш жасады. “Солчул фронттун” координатору Сергей Удальцов, анти-коррупциячыл блоггер Алексей Навальный, оппозиционер Илья Яшин жана тележурналист Ксения Собчак прокурорго чакырылды.

Москвадагы оппозиция уюштурган көчө жүрүшүнөн бир көрүнүш. 12-июнь 2012
Москвадагы оппозиция уюштурган көчө жүрүшүнөн бир көрүнүш. 12-июнь 2012
Алар 6-майда Москвада болгон демонстрациядан кийинки полиция менен кагылышуу боюнча сурак беришти. Анын алдында оппозиция лидерлеринин үйлөрү, кеңселери тинтилип, компьютерлер, телефондор дагы башка техникалык жабдуулар камакка алынды.

Собчак менен Яшиндин үйлөрүнөн 1 миллион евродон көп акча табылганы маалымдалып, Москванын Ички иштер башкармалыгынын сайтында ошол акчалардын сүрөттөрү жайгаштырылды.

Ксения Собчак "Твиттер" түйүнүндө анын жылдык кирешеси 2 миллион рублдан көп экенин, банкка ишенбегендиктен, “акчаны үйдө сактаганга акылуумун” деп жазды. Ал эми сурактан кийин: “Көрсө биздин өлкөдө жеке пикириңди ачык айтканды кой, бийликке ылайыксыз адамдар менен да кездеше албайт экенсиң”, - деди Собчак “Азаттыкка”.

Александр Навальный жарым күн созулган үйүн тинтүүгө байланыштуу буларды айтты:

- 13 сааттык тинтүү бүттү. Сыягы "кылым кылмышы" жасалгандай. Анткени биз билгенден тергөөчүлөр тобунда бардыгы 160 тергөөчү бар. Москвада азыр иликтенип жаткандан чоң кылмыш эч качан болгон эмес.

“Солчулдар фронтунун” координатору Сергей Удальцов Москванын Тергөө комитетине суракка барган жок. Ал өз адвокаты аркылуу жасаган билдирүүсүндө “Миллиондор жүрүшү” аяктаган соң суракка барарын кабарлады.

Орус бийликтери буга чейин Владимир Путинге каршы митинг-жүрүштөрдү чет өлкөлөр менен уюмдар каржылоодо деп билдирген.

АКШ Мамлекеттик департаменти 12-июндагы демонстрация алдында Орусиянын саясий оппозициясынын өкүлдөрүнүн үйлөрүн тинтүүнү, аларды кысмакка алуу деп баалап, “терең тынчсыздануусун” билдирди.

Мамдепартаменттин өкүлү Виктория Нуланд ошондой эле массалык демонстрациялар боюнча Орусияда кабыл алынган жаңы мыйзамда митинг тартибин бузуу үчүн ашыкча чоң айып пул салынганына көңүл бурду:

- Бул чараларды бириктирип кароо: орусиялыктардын сөз жана жыйналуу эркиндигин муунтуу үчүн тартип камсыздоо күчтөрү атайылап колдонулат деп, олуттуу суроо койгонго аргасыз кылат.

Бир апта мурда президент Путин бекиткен мыйзамда уруксатсыз демонстрацияга чыккан же көрсөтүлбөгөн жерде митинг өткөргөн жарандар жана уюмдар олчойгон айып төлөйт. Мисалы, жарандар үчүн айыптын өлчөмү 9 миң доллардан көп болсо, уюштуруучулар үчүн 18 миң доллардан көп. Ал эми группалар менен уюмдар 30 миң доллардан көп айып пул төлөйт.

Адам укугун коргоочу “Фридом Хаус” уюмунун вице-президенти Арч Паддингтондун айтышынча, берегидей чараларды өзүнө ишенимдүү өкмөттөр колдонбойт. "Мындай аракеттердин артында Орусиядагы кырдаалга кабатыр болгон лидердин сөлөкөтү көрүнүүдө", - дейт Паддингтон.

XS
SM
MD
LG