Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:51

НАТО командири Ооганстандын полиция башчыларын сындады


Жон Николсон
Жон Николсон

АКШнын жана НАТОнун Ооганстандагы жогорку командири Жон Николсон жекшембиде Кабулдагы журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, ооган полициясы менен армия бөлүктөрүндөгү жетекчиликтин кемчиликтери кызматкерлердин өлүмүн көбөйткөнүн айтты.

Ал көчөдөгү тартипти сактаган ооган күчтөрү колдон келген аракетин кылып жатканын, бирок талиптер менен “Ислам мамлекетти” экстремисттик тобуна каршы күрөшүү үчүн кызматкерлердин негизги муктаждыктары камсыз кылынбаганын белгиледи.

АКШ командири текшерүүчү пункттардагы жаш полицейлер тамак-ашсыз, суусуз жана курал-жараксыз отурганын, бул маселе ооган улуттук армиясына салыштырмалуу, улуттук полиция бөлүмүндө курчураак экенин билдирди

Ооган күчтөрү өлкөдөгү кырдаалды өз көзөмөлүнө алганына жакында эки жыл болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG