Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:21

Пакистан менен Орусиянын мамилеси оңолду


Орусия жана Пакистан президенттери Дмитрий Медведев менен Асиф Али Зардари Кремлде. 12-май, 2012-жыл.

Орусия жана Пакистан президенттери Дмитрий Медведев менен Асиф Али Зардари Кремлде. 12-май, 2012-жыл.

Соңку айларда Пакистан менен Орусиянын мамилелери оңоло баштаганы байкалууда. Кансыз согуш доорунда душмандашып жүргөн бул эки өлкөнүн ортосунда узактан бери өз ара ишенбөөчүлүк өкүм сүрүп келген эле. Эми мамилелердин жылымтык тартуусунун башкы жүйөөсү эмнеде?

Пакистандын Улуттук коопсуздук боюнча комитети өткөн аптада бурулуш кадамга барып, Орусия менен мамилени чыңдоону тышкы саясаттагы башкы сунуштарынын бири катары алгач ирет жарыялады. Сунушту Пакистан парламентинин дароо жактырышы да өлкөнүн саясий чөйрөсүндө Исламабад менен Москванын жакындашуусун колдогон маанай күчөгөнүн көргөзүүдө. Бирок тараптар муну менен эле чектелбегендей.

Пакистан тышкы иштер министрлиги Орусиянын шайланган президенти Владимир Путиндин быйыл сентябрда Исламабадга расмий сапары мерчемделип жатканын ырастады. Бул орус мамлекет башчысынын Пакистанга биринчи ирет барышы болот. Былтыр Москвага Пакистандын учурдагы президенти Асиф Али Зардари келип кеткен. Бул дагы Пакистан мамлекет башчысынын акыркы 40 жылдан ашуун убакытта Орусияга алгач ирет келиши эле.

Айрым байкоочулар Исламабад-Москва алакасынын жылым тартышын Пакистан менен АКШнын ортосундагы ажырым кеңейиши менен байланыштырышууда.

Бирок Пакистандын Ооганстандагы мурдагы элчиси Рустам Шах Мохманд мындай тыянак чыгарууга эртелик кылат деп эсептейт:

- Орусия менен мамиле Путиндин сапарынан соң балким чыңдалат. Негизги Пакистан Орусия менен алакасын мурда эле бекемдөөсү керек болчу. Бул визит соода-сатыкты, саясий байланыштарды күчөтчүдөй. Бирок бул Пакистандын Кошмо Штаттарга карата тышкы саясаты өзгөрөт дегенди туюндурбайт.

Пакистан менен Орусиянын алакасын сууткан жагдайларга токтолсок, өткөн кылымдын 80-жылдары бул - ооган согушу эле. Анда Исламабад советтик аскерлер менен күрөшкөн можахеддер тарабында турганы белгилүү. Андан кийинки фактор Орусиянын Исламабаддын аймактагы башкы атаандашы – Индияны аскер техникасы жагынан кызуу колдоп келгени болду. Пакистанды Индия менен АКШ алакасынын чыңдалуусу да тынчыздандырат.

Акыркы жылдары Индия жана АКШ Инди океанында бир нече жолу биргелешкен аскерий машыгууларды өткөрүштү. Аскерий, анын ичинде АКШнын Индияга бир нече миллиард долларга согуштук учактарды сатуусун караган келишимдер да - стратегиялык мамиле чыңдалап жатканынын көрүнүшү.

АКШ-Пакистан алакасындагы ажырымдын эпкиниби?

Пакистандын мурдагы тышкы иштер министри Сартаж Азиздин пикиринде, Орусия Исламабад менен мамилесин чыңдоого АКШ менен Пакистан алакасындагы ажырымдан пайдаланып калуу максатында баруусу да мүмкүн:

- Силер билгендей, Индия менен АКШнын алакасы Индия менен Орусия жакшы мамиледе турганына карабай кеңейди. Азыр кансыз согуш доорундагыдай эмес да. Албетте Орусия Пакистан менен АКШнын мамилесиндеги чыңалууну байкоодо жана балким тең салмактуулук орнотууну ойлонуп жаткандыр.

Узактан бери өнөктөш болуп келген Пакистан менен АКШнын мамилеси азыр эң төмөнкү деңгээлге түшкөн кез. АКШнын былтыр майда “ал-Каида” лидери Усама бин Ладендин көзү тазаланган операцияны өлкө аймагында Пакистан бийликтерине айтпастан туруп жүргүзүүсү Исламабаддын кыжырдануусун жараткан эле.

Ал эми былтыр ноябрда АКШнын учкучсуз башкаруудагы учагынын соккусунан 28 жоокердин мерт болушу Пакистан НАТОнун Ооганстанга багытталган жүктөрү үчүн жолдорун жаап коюшуна алып барды.

Айтор, мына ушундай жагдайда Пакистан менен Орусия стратегиялык өнөктөш боло алабы? Байкоочулардын баамында, бул азырынча ачык маселе. Бирок эки тарап экономикада аласа-бересесин көбөйтүүнү, өзгөчө энергия жаатында кызматташтыкты көздөп турганы анык.

Маселен Орусия түркмөн газын оболу Ооганстанга, андан ары энергияга чаңкап турган Пакистан менен Индияга жеткирүүнү караган TAPI долбооруна катышууга дилгирлигин көргөзүүдө.

Орусиялык инвесторлор мындан сырткары Пакистандын Синх провинциясындагы Тхар көмүр кенинде жылына 6 миң мегаватт энергия өндүрүүчү ТЭЦ курууга кызыкдарлыгын да билдиришкен.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG