Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:40

Орусияда шайлоо өтүүдө


Орусиянын жарандары парламенттин төмөнкү палатасы Мамлекеттик Думага депутаттарды шайлоого добуш берүүдө.

Орусиянын айрым аймактарында регионалдык мыйзам чыгаруу кеңешине жана жергиликтүү башкаруу органдарына депутаттарды шайлоо дагы өтүүдө.


Мамлекеттик Думадагы 450 депутаттык орунга расмий катталган 7 партиянын тең талапкерлери катышууда. «Адилет Орусия», Либерал-демократтар партиясы, «Орусиянын патриоттору», Коммунисттер партиясы, «Яблоко», «Бирдиктүү Орусия» жана «Оңчул иш» партиялары талапкерлерин шайлоого чыгарды.

Бир катар таасирдүү медиа каражаттары менен маалымат агенттиктеринин интернет сайттары хакер чабуулдарга дуушар болду. Маселен «Москва жаңырыгы» үналгысы, "Новое время", «Моsсow таймс» гезиттеринин интернет сайттары сырттан чабуулга болгондуктан жабылды.

Башка өлкөлөрдө жашаган орусиялык жарандар Орусиянын өкүлчүлүктөрүндө добуш берүүдө. Орусиянын БШКсынын маалыматында өлкө сыртында 2 миллиондой шайлоочу бар.

Кыргызстанда жашаган орус жарандары Бишкек, Ош, Каракол жана Кант шаарларында ачылган шайлоо бекеттеринде добуш берип жатат.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин биринчи катчысы Виктор Харченко билдирди:

- Бүгүн шайлоочулардын активдүүлүгү саат 2ге чейин өтө жогору болду. Бишкектеги орус драма театрында ачылган шайлоо бекетинде кезек күтүп калган учурлар да болуп жатат. Биринчи жолу добуш берүүгө келгендер бар, аларга гүл берип жатышат. Байкоочулар дагы катышууда, алардан эч кандай эскертүү болгон жок. Негизинен баары тынч маанайда өтүүдө.

Кыргызстанда добуш берүү кечки саат сегизге чейин уланат. Орусиянын мыйзамдарына ылайык, четте жашаган жарандардын консулдук каттоого туруусу шарт болуп саналбайт.


XS
SM
MD
LG