Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:46

Орусияда “Полиция жөнүндө” мыйзам күчүнө кирди


1-марттан тарта Орусияда “Полиция тууралуу” мыйзам күчүнө кирди. Мыйзам президент Дмитрий Медведевдин демилгеси менен иштелип, интернетте талкууга алынды. Документ мындан ары орусиялык милицияны полиция деп атоого укук берет.

1-мартта Москвада Ички иштер министрлигинин баш кеңсеси жайгашкан имараттын алдында “Полиция тууралуу” мыйзамга нааразы болгон “Солчул фронт” кыймылы митинг өткөрүп, анын координатору Сергей Удальцов баш болгон төрт киши кармалган.

2012-жылдын башына чейин милиция деп аталып келген орган кийим-кечек, кеңсе жазуулары полиция деп алмашат. Мындан сырткары ИИМ бардык кызматкерлерин сыноодон өткөрүп, мыктыларын кайра ишке алмакчы.

1-мартта президент Дмитрий Медведев ички иштер органдарынын жогорку жетекчилери менен жыйын өткөрүп, баш-аягы жети указга кол койгонун айтты. Медведев 2012-жылдын 1-январына карата милиция кызматкерлеринен кыскарууга бир миллион жүз миңден ашуун киши душар болорун эскертти. Өтө турган сынак тууралуу Дмитрий Медведев “президенттин алдында ички иштер жогорку кызматтары үчүн орун талашкандарды кезексиз сынактан өткөрүү комиссиясы уюшулат”,-деп айтты.

Бул сынактан министр Рашид Нургалиев да өтөт. Москва шаардык милициянын профсоюзунун жетекчилеринин бири Михаил Пашкин “кандай болгон күндө да сыноо маалында мурдагы эле жетекчилер өзүнүн кол баласы, тил алчаак кишилерин ишке алат”,-деп эсептейт:

- Биздин интернет сайтта “полицияга өтүүдө жетекчилер кимди калтырат” деген сурамжылоо жүрүп жатат. Жооп жазгандардын 90,8 пайызы “жетекчинин тилин алган кишилер калат” деп жооп беришти. Ал эми колунан иш келген, бирок өзүнүн көз карашы бар адамдар ишке алынат деп ишенгендер 4 пайызды гана түзөт.

Милиция тармагындагы реформага каршы чыккан “Солчулдар фронту” кыймылы ал күнү ИИМдин имаратынын алдында митинг откөрүштү. Кыймылдын мүчөлөрүнүн айтымында, милицияны полиция деп атоо дурус натыйжа бербейт, болгону каражат бекер эле коройт.

Бир катар сурамжылоолорго ылайык, карапайым калк милицияны түп тамырынан бери жоймоюн паракорчулук улана берет деген пикирде. “Трасперенси интернешнл” эл аралык уюму жүргүзгөн сурамжылоого ылайык, 11 адамдын бири гана милициянын полиция болуп өзгөрүшүн жактырган. Ал эми 52 пайызы кайдыгер экенин билдиришкен. Уюмдун адиси Иван Ниненко:

- Полицияга такыр башка кишилерди алыш керек. Жаңы аталыш менен жаңыча маяна төлөнүшү керек. Болбосо буга дейре иштегендер менен катар жаңыларды кызматка алганда, мурдагылар пара алганды үйрөтөт.

XS
SM
MD
LG