Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:40

Орусия: Оппозициячылга жабык, бийликчилге ачык жол


ПАРНАСтын лидерлери Москвада орус бийлигинин саясатына каршы өткөн жыйында. 16-апрель, 2011-жыл, Москва.
ПАРНАСтын лидерлери Москвада орус бийлигинин саясатына каршы өткөн жыйында. 16-апрель, 2011-жыл, Москва.

Орусияда оппозициянын кыскача ПАРНАС деген ат менен белгилүү партиясын каттоодон баш тартышты.

Өлкөнүн Юстиция министрлиги мунун себебин партия мүчөлөрүнүн тизмесинде “өлүү жандар” жана жашы жетелектер табылгандыгы менен түшүндүрдү. Партияны негиздегендер менен саясат таануучулар муну бийликтин оппозициячыл партияны алдыдагы шайлоого катыштырбоону көздөгөн чечими катары баалоодо.

“Зомбулуксуз жана коррупциясыз Орусия үчүн” Элдик эркиндик партиясы деген саясий уюм Орусияда былтыр декабрда түзүлгөн. Партиянын уюштуруу курултайында анын тең төрагалыгына соңку жылдары Кремлдин карманган багытын кескин сындап келе жаткан саясатчылар: орус өкмөтүнүн мурдагы премьер-министри Михаил Касьянов, мурдагы вице-премьер-министри Борис Немцов, Мамлекеттик Думанын мурдагы депутаты Владимир Рыжков шайланган.

Партия жетекчилигинин айтымында, 23-майда саясий уюмду каттоо үчүн Юстиция министрлигине арыз берилген учурда партиянын 53 аймактык бөлүмү, 46 миңдей мүчөсү болгон. Орусиянын Юстиция министрлиги негизги кемчиликти дал ошол мүчөлөрдүн арасынан тапты.

“Өлүү жандар” менен жашы жете электер

Министрликтин түшүндүрмөсүнө караганда, партияны каттоодон баш тартууга себептердин эки түрдүү топтому негиз берди. Биринчиси, партиянын уставында көргөзүлгөн максаттары менен милдеттеринде Орусиянын мыйзамдарына шайкеш келбеген жерлер бар. Экинчиси, текшерүүнүн жүрүшүнө Элдик эркиндик партиясынын мүчөлөрү арасында ал уюшулганга чейин эле көзү өтүп кеткен адамдар, жашы жете электер бардыгы аныкталгандыгы.

Буга кошумча Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнө тизмедеги атуулдардан аталган партияга мүчөлүгүн жокко чыгарган арыздар түшкөндүгү.

Саясий чечим

Бирок "Элдик эркиндик" партиясынын жетекчилиги алардын партиясынын каттоодон баш тартылышын укуктук эмес, “саясий чечим” катары мүнөздөштү. Партиянын тең төрагаларынын бири Борис Немцов "Азаттыкка" буларды айтты:

- Бул укуктук эмес, мыйзамга каршы саясий чечим. Биздин эч кандай шегибиз жок, ал Путин жана Сурков (Кремлдин администрация жетекчисинин орун басары) тарабынан кабыл алынды. Маселе азыркы режим оппозициядан өлөөрчө коркконунда. Ойдон чыгарылган себептер менен буга чейин эле сегиз партия катталган эмес. Бүгүнкү чечим да ушул мыйзамсыздыктын нугунда жаткан иш.

Эдуард Лимонов Орусияда каттоодон буга чейин баш тартылган партиялардын бири – “Башка Орусиянын” лидери. Ал “Азаттык” менен маегинде, "Элдик эркиндик" партиясынын лидерлери каттоодон өтөбүз деген ишенимде туруп, алданып калышкандыгын белгиледи:

- Менимче, алар каттайт деп ишенишкен. Аларга кайсы бир өкмөттүк чиновниктер тарабынан кандайдыр бир убадалар берилгендей. Маселен менин бийлик төбөлдөрү менен байланышым жок. Ал эми Касьяновдо, Рыжковдо ("Элдик эркиндик" партиясынын тең төрагалары) андай байланыштар болсо керек жана кандайдыр бир убадалар берилген өңдөнөт. Мен ал убадаларга дароо эле ишенмек эмесмин, алар бери дегенде бир айча ишенгендей. Бирок жыйынтык болжолдонгондой эле чыгып отурат.

"Элдик эркиндик" партиясынын тең төрагалары Михаил Касьянов менен Владимир Рыжков керектүү кагаздар Юстиция министрлигине жөнөтүлгөндөн кийинки интервьюларында партияны каттабоо Орусиянын ичинде эле эмес, тышта да жаңжал жаратарын, ага катар парламенттик, президенттик шайлоолордун легитимдүүлүгүнө шек туудурарын айтышкан.

Шайлоого катыштырбоо

Москвалык саясат таануучу Григорий Голосов белгилегендей, "Элдик эркиндик" партиясын каттоодон баш тартууга негиз берген “техникалык-формалдык” себептер анчалык деле маанилүү эмес. Анын пикиринде, партияны каттоодон баш тартуунун башкы жүйөсү - алдыдагы шайлоого катыштырбоо. Андыктан алар сотко даттанганда деле кырдаал өзгөрбөйт:

- Алдыдагы шайлоо өнөктүгүнө катышуу жагынан алганда бул пайдасыз. Анткени сот чечимдери дароо кабыл алынбайт. Өз чечими менен Юстиция министрлиги бул партиянын шайлоого катышуусун жокко чыгарды десек болот. Башка саясий жүйөдөн улам алардын чечимин сотко берүүнүн кажети барбы? Балким муну партияны каттоодогу өзүм билемдикке коомчулуктун көңүлүн буруу үчүн жасоо керек. Бирок азыркы учурда мунун практикалык мааниси болбойт.

Саясат таануучу Григорий Голосов кошумчалагандай, Орусиянын алдыдагы парламенттик шайлоосуна эң көп дегенде жети партия катыштырылат. Бийлик муну мурда эле чечип койгон.

Айрым байкоочулар орус бийлиги шайлоо алдында бир партияны каттоодон баш тартып, экинчилерине жол ачып жатканын белгилешүүдө. Маселен орус миллиардерлеринин бири Михаил Прохоров лидерлик кылуучу, курултайын 25-июнда өткөрөрү күтүлүп жаткан “Оң иш” партиясы быйыл жарышка жаңы кошулуучу саясий уюмдардын бири. "Элдик эркиндик" партиясынын жактоочулары эми мына ушул жаңы партиянын катарын толукташы мүмкүн. Муну “Азаттык” менен маегинде “Оң иштин” тең төрагаларын бири Борис Надеждин да жокко чыгарбады.

Орусиянын кезектеги парламенттик шайлоосу декабрда өтөт, анын артынан келерки жылдын мартында президенттик шайлоо болот.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG