Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:19

Аяктаган 2012-жылды айрым батыштык талдоочулар Орусия үчүн жаңы реалдуулук жаралган мезгил катары мүнөздөштү. Анткени алардын пикиринде, Орусияда бир саясий доордун күнү бүтүүдө, ошол эле учурда экинчиси пайда боло элек.

2012-жылы Путин Кремлге президент катары кайтып келди. Бирок талдоочулардын пикиринде, анын жакынкы айланасында ажырым жаралганын, беттегенин бербеген оппозиция чыкканын, коом да мурдагыдай жоош болбой калганын эске алганда Путиндин “бийлик вертикалынын бекемдиги” артта калгандай.

Ошол эле кезде Путиндин режимине, ал артта калган он жылдыкта түзгөн туруктуу эмес авторитардык система үчүн турмушка жарамдуу альтернатива чыга элек.

АКШдагы аскер-деңиз колледжинин Орусия боюнча эксперти, профессор Николас Гвоздевдин пикиринде, мунун натыйжасында белгисиздик күчөдү:

- Жыл аягында бизде анын башталышына караганда көп суроолор калды. Кландар өз ара кармашабы? Тазалоо жүрүп же система толугу менен кайра курулабы? 2013-жылга кирүү менен биз бардык нерсенин башы ачылбай турат деп айттуубуз керек.

Албетте, Путин Орусия саясатындагы эң кубаттуу күч бойдон калууда. Орус мамлекетинин бүткүл күч-кубаты президент катары анын карамагында турат.

Элитадагы ажырым

Бирок 2012-жыл ичиндеги жараяндар өлкөнүн мындан аркы саясий багыты боюнча Путиндин эң жакынкы чөйрөсүндөгү, жалпы эле орус элитасындагы ажырымды кыйла ачыктады.

Маселен өкмөт аппаратынын башчысы Владислав Сурков өңдүү технократтар өзгөрүп бара жаткан коомдун муктаждыктарын канааттандыруу үчүн саясатта жумшактыкты жактаса, Коопсуздук кызматынын Кремлдин администрация башчысы Сергей Иванов, Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин өңдүү мурдагы ардагерлери оппозицияны күч менен басууга артыкчылык беришет.

Чарбада болсо мурдагы каржы министри Алексей Кудрин, премьер-министрдин орун басары Аркадий Дворкович өңдүү батышчыл экономисттер орус экономикасын диверсифакциялап, мунай-газга көз карандылыктан ажыратууну жактайт.

Бирок алар Путиндин жакын адамы, “Роснефть” компаниясынын жетекчиси Игорь Сечин өңдүүлөрдүн катуу каршылыгына кабылууда.

Британиядагы The Economist журналынын эл аралык маселелер боюнча редактору, Орусия боюнча жакында чыккан китептин автору Эдвард Лукас мындай дейт:

- Путин Орусиядагы саясий турмуштун талашсыз арбитри катары өз ролун жоготуп бара жаткандай. Биз бул көшөгө артында кайнап жаткан интригаларды көрүүдөбүз. Бирок ким кимдин тарабында экени жана бул нерселер эмне үчүн болуп жатканы эч кимге түшүнүксүз.

Нааразылык толкуну

2011-жылдын декабрындагы талаштуу парламенттик шайлоону коштогон нааразылык акцияларынан кийин 2012-жылдын алгачкы жарымында оппозиция коомчулуктун көңүл борборуна чыгып, айрым реформалар үчүн бийликке кысым көргөзө алды.

Путиндин кайра башталган президенттик бийлигине каршы Мосвада нааразылык акциялар жыл боюу өтүп турду.

Путиндин кайра башталган президенттик бийлигине каршы Мосвада нааразылык акциялар жыл боюу өтүп турду.

Натыйжада губернаторлорду шайлоо тартиби калыбына келди. Саясий партияларды каттоо эрежеси жеңилдеди.

Анткен менен Путин май айында президенттик кызматка кайткандан кийин оппозицияны кысмактоо кайра күчөдү.

АКШнын Питтсбург университетиндеги Орусия жана Чыгыш Европа борборунун илимий кызматкери Шон Гиллори мындай дейт:

- Путиндин режими ал өкүм сүргөн 2000-жылдын башынан бери болбогон саясий кыймылга кабылды. Чыныгы оппозицияга карата жооп катаал жана жакшы ойлонулбаган болду.

Орус президенти болсо жакындагы кайрылуусунда азыркы оппозиция тышкы күчтөрдүн мүдөөсүн тейлеп жатканын ишара кылды:

- Биздин ички саясий жараяндарга сырттан кыйыр жана түз кийлигишүү кабыл алынгыс. Саясий ишмердиги үчүн тыштан акча алган, муну менен балким башкалардын улуттук кызыкчылыгын тейлеген ишмер Орусия федерациясында саясатчы боло албайт.

Байкоочулардын баамында, Орусияныкына окшош бийликтер репрессиялар менен гана жашай албайт.

Саясий укугун талап кылган орто тап

Ал туруктуу жана ийгиликтүү болуш үчүн коомдун баш ийүүсүн гана эмес, анын макулдугун алуусу, коркутуу жолу гана эмес, шыктандыруу жолу менен да башкаруу зарыл.

Айрым эксперттердин пикиринде, Кремлдин негизги көйгөйү орус коому абдан тез өнүгүп, саясий тап анын артынан жетишпей калганында.

Өзү президент Путиндин алгачкы эки мөөнөтү учурундагы экономикалык өсүш Орусияда ортоңку таптын жаралышына көмөктөшкөн. Алар эми өз саясий укуктарын талап кылып жаткан кез.

Өзүнө ишенген, дүйнөнү көргөн, жакшы кабардар, Интернеттеги социалдык түйүндөр аркылуу бириккен ортоңку тап президент Путиндин “бийлик вертикалын” талашууга даяр турат.

Москвадагы Карнеги корунун талдоочусу Маша Липмандын көз карашында, бул жакын арада эле ишке ашып калуусу мүмкүн:


- Кремль саясий мейкиндикти көзөмөлдөөнү улантууда. Бирок алар жарандык мейкминдикти көзөмөлдөй албайт. Азыркы жарандык ойгонуу артка кайткыс. Кремлдин бул багыттагы саясаты бир жыл мурда пайда болгон жарандык жигерди токтотууга багытталган. Мен бул мүмкүн деп ойлобойм.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG