Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:13

Деңиз боюнча АКШ-Кытай кайым айтышы күчөдү


Түштүк-Кытай деңизи.
Түштүк-Кытай деңизи.

АКШ Кытайдын Түштүк-Кытай деңизинин эл аралык аймактарын басып алып, аскерий максатта аралдарды курушуна жол бербесин билдирди.

Ал арада Кытай аралдарды курууга бөгөт болгон кандай гана аракеттер болбосун Кошмо Штаттардын “согуш жүргүзүүсү” катары эсептелерин эскертүүдө.

АКШ Ак үйүнүн расмий өкүлү Шон Спайсер 23-январда Рекс Тиллерсон мамлекеттик катчылыкка талапкер кезинде айткан ойду кайталады. “Эгер бул аралдар чынында эле Кытай акваториясында эмес, эл аралык суу аймактарында болчу болсо, биз эл аралык суу аймактарын ага бир өлкөнүн үстөмдүк кылышынан коргойбуз” деди жаңы президент Трамптын маалымат катчысы Спайсер.

Мурда Тиллерсон сенаторлорго АКШ Кытайга, биринчиден, арал курууну токтотуу, экинчиден, ал аралдарга баруу мүмкүнчүлүгүн жабуу боюнча так белги берерин айткан. Тиллерсон Кошмо Штаттары аралдарды деңиз блокадасына аларын да четке каккан эмес. Кытай мамлекеттик медиалары мындан соң АКШ ал планын ишке ашырыш үчүн “согуш ачышы” керектигин жазып ийишкен эле.

XS
SM
MD
LG