Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:26

Орусия: айрым аймактарда добуштар саналууда


Владивостоктого бир добушканада бюллетендер эсептелүү алдында, 4-март, 2012.
Владивостоктого бир добушканада бюллетендер эсептелүү алдында, 4-март, 2012.

Бишкек убактыс боюнча саат 19га карай Орусиянын бир катар аймактарында шайлоо аяктап, добуштар санала баштады.

Орусия Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, Москва убактысы боюнча 13.00гө карай шайлоочулардын 30 пайызы добуш берди.Боршайком бул шайлоодогу активдүүлүк мурдагыларга салыштырмалуу алда канча жогору деп баалады.

Камчаткада добуш берүү аяктады, бул аймакта шайлоочулардын 57 пайызы добуш беришкен, азыр добуштар эсептелүүдө. Шайлоо Чукотка, Магадан жана Курил аралдарында да аяктады. Добуш берүүгө эң акыркы болуп Калининград облусу кошулган.


Шайлоонун жүрүшүнө көптөгөн байкоочулар көз салышууда: алар эл аралык уюмдардын, партиялардын, массалык маалымат каражаттарынын жана жарандык коомдун өкүлдөрү. Добуш берүүнүн жүрүшүндө мыйзам бузуулар катталууда: бул элди атайын уюштуруп келип добуш бердиртүү, “карусель” деп атка конгон ыкма жана көп жолу добуш берүү.

Бул президенттик шайлоонун дагы бир өзгөчөлүгү - өлкө боюнча шайлоо участкаларында мыйзам бузууларды азайтуу максатында веб-камералар орнотулган. Ар бир адам сайтта катталып, ар бир шайлоо бекетин интернеттен көрө алат.

Президенттикке талапкер, коммунист Геннадий Зюганов добуш берип жатып, бул камераларды деле алдоого болооруна токтолду:

- Эгер сиз камерага артыңызды салып турсаңыз, үкөккө канча бюллетен таштаганыңыз көрүнбөйт.

Дагы бир талапкер Михаил Прохоров добуш берип жатып журналисттерге жаңы партия түзүлүп жатканын жарыялады:

- Азыртадан баштап жаңы партия түзө баштадык. Биздин жарандар сайсий күрөшкө активдүү катышууда. Мен жаңы саясий күч түзгөнү жатам.

Москвада добуш берип жаткандардын айрымдарын кепке тартып көрдүк.

Анатолий: Путин үчүн, себеби башка талапкер жок.

Елена: Прохоров жакшы бала, бирок эч тажрыйбасы жок.

Наталья: Жакшы жакка өзгөрүш болот деген үмүт бар да, бир адам эле кечке бийликте тура берсе болбойт.

Өлкөнүн ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, бул күнү коомдук тартипке 440 миң полиция кызматкери, кошуунчулар жана жеке күзөтчүлөр көз салууда. Кечке жуук Москванын борборундагы Триумфалдык жана Пушкин аянттарын кыдырып келдик, ал жакта полиция кызматкерлери өтө көп жүрүшөт.

Орусиядан тыштагы орус жарандары үчүн да бир катар өлкөлөрдө добуш берүүчү жайлар уюштурулган. Анын ичинде бүгүн Кыргызстандагы орус жарандары да добуш берүүгө катышты.

Орусия президенттиги үчүн 5 талапкер: Владимир Жириновский, Геннадий Зюганов, Сергей Миронов, Михаил Прохоров жана Владимир Путин ат салышууда.

Бул жолу президент 4 жылга эмес, 6 жылга шайланат.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG