Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:18

Орус дипломаты кабылган жол кырсыгы боюнча иш козголду


Иллюстрация
Иллюстрация

Бишкекте Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин кызматкери айдап бараткан машине катышкан жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду. Шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Олжобай Казабаев “Азаттык” радиосуна билдиргендей, окуя Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренеси «Транспорт каражаттарынын эксплуатациясын жана жол кыймылынын коопсуздугун бузуу» ​деген берене менен иликтенүүдө.

- Ички иштер министрлиги Тышкы иштер министрлигине тергөө амалдарын чогуу жүргүзүү боюнча кат жөнөткөн. Анткени дипломатиялык кызматкерлердин кол тийбестик макамы бар. Ошондуктан Тышкы иштер министрлиги менен тиешелүү амалдарды алып баруу керек. Соттук-медициналык, техникалык экспертизалар дайындалган.

16-февралда Бишкекте орус элчилигинин кызматкери Виктор Пухов бараткан Toyota Land Cruiser Prado унаасы менен «Мерседес-Спринтер» кагышкан. Катуу ылдамдыкта бараткан жолтандабас светофордун кызыл жарыгынан өтүп жүк ташуучу автоунааны сүзгөнү тартылган видео интернетке тараган.

Кырсыкта алган жараатынан «Мерседес-Спринтер» автоунаасынын айдоочусу Евгений Лексин көз жумган. Орус дипломаты да ооруканага түшкөн.

Айрым маалыматтарда орус дипломаттары бараткан унааны "Роснефть" ишканасынын баш директор орунбасары Игорь Рясный башкарганы айтылууда. Ал дарылануудан соң Кыргызстандан чыгып кеткени тууралуу айрым маалымат булактары жазышты. Бирок бул кабарды күч органдары бышыктай элек. Элчилик да комментарий бере элек. (SE\RK)

XS
SM
MD
LG