Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:17

Орусия: Оппозициячыл депутат мандаттан айрылчудай


Геннадий Гудков "Миллиондор маршында" сүйлөөдө. Москва, 12-июнь, 2012-жыл.
Геннадий Гудков "Миллиондор маршында" сүйлөөдө. Москва, 12-июнь, 2012-жыл.

Орусияда Мамлекеттик думанын кыштагы жана жаздагы нааразылык акцияларына жигердүү катышкан депутаты мандатынан ажыратылчудай. Геннадий Гудков муну түздөн-түз өз саясий ишмердигине байланыштырса, бийлик өкүлдөрү ал мыйзамдарды бузуп, ишкерликти жана депутаттыкты айкалыштырганын айтышууда.

“Адилеттүү Орусия” партиясы аркылуу шайланган депутат Геннадий Гудковду мандаттан мөөнөтүнөн мурда ажыратуу өтүнүчү Мамлекеттик думага Башкы прокурор Юрий Чайка тарабынан жөнөтүлдү.

Ал өтүнүч Орусиянын Тергөө комитетинин өкүлү Владимир Маркиндин дүйшөмбүдө журналисттерге билдиргенине караганда, аталган депутат өзүнүн мыйзам чыгаруу жана башка ыйгарым укуктарын бузганы тууралуу маалыматтарды камтыган кошумча материалдар менен бекемделди:

- Гудков Мамлекеттик Думанын депутаты болуп туруп, федералдык мыйзамдын талаптарын бузуу менен иш жүзүндө ишкерлик кылган чарбалык мекемени башкарууга катышып, ага калканч болгон деп эсептегидей далилдер жетиштүү. Документте депутат өзү көзөмөлдөгөн коммерциялык уюмдар аркылуу күзөт менен алектенген жеке менчик ишкананы башкарууга катышканы айтылат.

1990-жылдардын башына чейин орус президенти Владимир Путин сыяктуу эле СССР КГБсынын контрчалгын кызматында иштеген Геннадий Гудков Мамлекеттик думага алгач 2001-жылы бизнестен келген.

Орусиянын тергөө органдары койгон дооматтарды четке каккан депутат Кремлдин саясий куугунтугуна кабылдым деп ырастоодо. Ал “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун орус кызматы менен маегинде буларды белгиледи:

- Бул менин митинг, жүрүш, манифестацияларды уюштурган комитеттин ишине катышканым, адамдар алдында чыгып сүйлөгөнүм. Бул менин 4-декабрда ( 2011-жыл) Мамлекеттик думага шайлоо одоно түрдө бурмалангандан кийин берген баам. Тилекке каршы, бул кандайдыр бир деңгээлде 4-мартта да кайталанды. Президенттик шайлоо олуттуу бурмаланганын мен азыр да айтам. Мен мына ушундай баа бере баштаганымда, анын үстүнө менин акыркы жылдары калыптанган беделим ишеним жараткандыктан, алар үчүн коркунучтуу болум калдым. Андыктан бүгүн мага карата түрдүү күч мекемелеринин көп сандагы кызматкерлери иштеп жатат.

Геннадий Гудков мүчөсү болгон “Адилеттүү Орусия” партиясы мурда бийликтеги “Бирдиктүү Орусия” партиясынын саясий өнөгү эле. Бирок акыркы шайлоодо эки партиянын жолу эки башка кеткендей болду.

Депутат Башкы прокуратуранын аны мандаттан парламент аркылуу ажыратуу аракетин мыйзамсыз жана мындай чечимди сот гана чыгаруусу керек деп эсептөөдө.

Андыктан Гудковдун айтымында, ал бийликтеги “Бирдиктүү Орусия” партиясынын өзү “жеке деңгээлде урматтаган” 50 депутатына кат жолдоп, аларды “сотсуз саясий жазалоо” үчүн добуш бербөөгө чакырган.

Мамлекеттик Думада “Бирдиктүү Орусия” партиясы үстөмдүк кылгандыктан, добуш берүүнүн жыйынтыгы алардын чечимине жараша болот.

“Бирдиктүү Орусиянын” Думадагы фракциясынын лидери Андрей Воровьев кечээ Москвадагы басма сөз жыйынында алар Башкы прокуратуранын өтүнүчүн колдоорун ишара кылды:

- Биздин өлкөдө бийлиги барлардын бирине да бизнес менен тикелей алектенүүгө уруксат берилбейт.

Байкоочулардын баамында, “Бирдиктүү Орусия” партиясында деле депутаттыкка бизнестен келип, анысын улантып жаткан депуттар ондоп саналат.

Геннадий Гудков өзүнө тагылган айыпка жооп кылып, “Бирдиктүү Орусиянын” аттуу-баштуу депутаттарына караштуу ишканалардын мамлекеттик реестрден алынган тизмелерин жарыялады эле, алар муну “техникалык ката” деп четке кагышты.

Оппозициячыл депутатты мандаттан ажыратуу боюнча добуш берүү 12-сентябрга белгиленген, ал эми орус оппозициясы 15-сентябрда Москвада “Миллиондор маршы” деген кезектеги акциясын өткөрүүнү көздөөдө.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG