Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:45

Орусияда интеллигенцияны бутага алган бир катар жаңы мыйзам, кылмыш иштеринен улам өлкөдө «ким биз менен болбосо, ал бизге каршы» деген коркутууга таянган саясаттын илеби келе баштады.

Орусияда бүгүн эркин ойлонгондор беймарал оромпой тээп жүрөт деш айтыш кыйын. Июндун аягында кабыл алынган мыйзам боюнча, диний сезимдерге шек келтирген адам соттолуп кетиши мүмкүн. Фейсбукта бирөөнү чычалатып жазсаңыз интернеттеги каралоо боюнча атайын мыйзам алдында жооп берип калышыңыз мүмкүн. Ал эми жакында нацисттик Германияга каршы согушкандарды сындагандар айыпка жыгылып, же абакка түшүшү мүмкүн болот.

Соңку кездердеги «интеллектуалдык чөйрөнү чыйрыктырган» мыйзамдардын толкунун жакында Европа кеңеши Орусияда «коркутуп-үркүтүүнүн климатын» жаратып жатат деп сынга алганы ошондон.

Советтик доордо расмий саясатка каяша айткандарды КГБ тескеген. Ал эми президент Владимир Путиндин тушунда бул ишти Александр Бастрыкин жетектеген Тергөө комитети өз колуна алган.

Пермде жашаган көркөм өнөр сынчысы Марат Гелман жакында Уралдагы бул шаарды Испаниядагы Билбаого окшогон эл аралык маданий борборго айландыруу аракети борбордук бийликтерге жакпай калгандан кийин Заманбап көркөм өнөр музейинин жетекчилигинен алынды.

Гелмандын айтымында, Владимир Путин Кремлге үчүнчү президенттик мөөнөткө кайтып келгенден кийин интеллектуалдык кырдаал өзгөчө начарлады. Анын сөзү боюнча, ага чейин социалдык жана саясий иштер Кремлдин администрация башчысы Владислав Сурковдун колунда болгон. Сурков иш билгилик менен аракеттенип, ача пикирдеги интеллектуалдарга көтөрүмдүү мамиле жасаган.

Бирок быйыл Сурков четте калып, президенттик администрация башчысынын орун басары Вячаслав Володин азуусун көрсөтө баштады:

Володин бул эрежелерди өзгөрттү. Ал «же биз менен болосуң, же бизге душмансың, душман болсоң, ошого жараша мамиле жасалат» дейт. Ошентип баары эки лагерге бөлүнүп калды. Бүгүн Орусияда баары коркок билиш. Путинге «Оо, улуу, урматтуу олуям» деп кайрылсаң да, бейкапар жашай албайсың.

Кремлдин интеллигенцияны бутага алган жаңы саясатынын эпкини кино тармагында да сезилүүдө. Май айында Путин «өкмөт өз өлкөсүн жана өз тарыхын даңазалаган гана тасмаларды колдойт» деп жарыялады. 18-июнда ушул максатта кеңеш түзүлгөнүн маданият министри Владимир Мединский жарыялады.

Бул айда мамлекет колдогон Юрий Гагарин тууралуу кино чыккан эле. Сынчылар Павел Пархоменконун тасмасы коммунисттик «Правда» гезитиндеги макаланын негизинде тартылгандай, космонавтты бир тараптуу даңазалагандай таасир калтыраарын жазышты.

Татар режиссеру Рамил Тухватуллин Кремлдин максаты тарыхты бир тараптуу көрсөтүү деп эсептейт:

– Сергей Эйнштейндин «Иван Грозный» деген классикалык тасмасы бар эмеспи. Ошондо орустар Казан шаарын басып алып жатканда, бизге, татарларга кол салып жаткандыгын дарбазанын бир тарабынан көрсөтөт. Эгерде биз дарбазанын ар жагындагы биздин эл өз мекенин коргоп жатып өлгөндүгүн көрсөткөн кино тартсак, Москва муну «улуттар аралык жек көрүүчүлүктү козутуу» деп чыкмак. Мындайга эч качан жол берилмек эмес. Муну түшүнүш кыйын эмес, Москванын өз көздөгөнү бар.

Айтор, Орусияда интеллигенциянын өкүлдөрү Михаил Ходорковскийдин экинчи жолу соттолушун сынга алган, кеңсеси тинтилип, электрондук каттары конфискациялангандан кийин Парижге качкан экономист Сергей Гуриев же шахмат чемпиону Гарри Каспаров өңдөнүп Орусиядан кетип калууга мажбур абалда калып жатышкандай.

Же феминисттик "Пуси Райот" панк-рок тобу менен коррупцияны ашкерелеген блоггер Алексей Навальный өңдөнүп, куугунтукка кабылууга даяр болушу керек.

«Гуриевсиңби же Навальный болосуңбу?» деп улам сурап жаткан Пермдеги көркөм өнөр сынчысы Гелман азыр дал ушундай эки анжы абалда турган кези.
XS
SM
MD
LG