Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:57

Кыргызстанга Эл аралык авиация комитетинен мүчөлөр келишти


Куткаруу иштери.
Куткаруу иштери.

Транспорт министрлиги маалымдашынча, ЭАКтын төрагасы Леонид Каширский баштаган алты мүчөсү келди. Эл аралык авиация комитетинин эксперттери 16-январдагы учак кыйроосунун себебин иликтешет. Азырынча техника-эксперттик иликтөө жүргүзүлүүдө. Комиссиянын ишин ЭАКтын өкүлдөрү жетектейт.

Учак кыйроосунун себебин иликтөөчү комиссияга Эл аралык авиация комитетинен тышкары Транспорт министрлигинин Жарандык авиация агенттигинин кызматкерлери да кирген. Мындан тышкары АКШнын Транспорт коопсуздугу боюнча улуттук кеңешинен, Түркиянын окуяларды иликтөө боюнча улуттук кеңешинен жана Түркиянын Жарандык авиация директоратынын өкүлдөрү катышат. Кыйроонун себептерин иликтөөчү комиссиянын ишин Кыргызстандын Транспорт министрлиги координациялайт.

Транспорт министрлиги башка мекемелерди жана маалымат каражаттарын комиссиянын иши аягына чыкмайынча, учак кыйроосунун себептери боюнча божомолдорду жарыялабай турууга чакырууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG