Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:10

Орусия чет элдик медицина кызматкерлерине бир катар жеңилдиктер менен жарандык берерин “Независимая газета” басылмасы жазып чыкты.

Орусиянын Эмгек министрлиги жарыялаган маалыматка ылайык, кардиоревматолог, үй-бүлөлүк дарыгер, педиатр, терапевт, акушер, медайым жана ушул сыяктуу 20 чакты кесип ээлери Орусияда үч жыл иштегенден кийин орус жарандыгын ала алышат. Орусия мындай жол менен жер-жерлердеги дарыгерлердин жетишпестигин жоюуну чечкен. Эсеп палатасынын маалыматы боюнча, Орусияда медкызматкерлердин саны бир жылдын ичинде 90 миңге кыскарган. Жалпысынан жер-жерлерге 55 миң дарыгер, 88 миң орто билимдүү медициналык кызматкер керек. Ушул тапта Москва шаарынын өзүндө гана дарыгерлер жетиштүү.

Москва өкмөтү менен Орусиянын саламаттык сактоо министрлиги бир жыл ичинде башкалаадагы ооруканалардагы дарыгерлердин санын 9 миңге кыскарткан. "Орусиянын жарандыгына кызыгып, АКШ менен Европадан дарыгерлер келеби же Орусияны мурунку совет өлкөлөрүнөн келген дарыгерлер каптайбы?" деп суроо койгон “Независимая газета” басылмасы. ​

“РИА Новости” интернет басылмасы кабарлагандай, Евробиримдик Борбор Азия өлкөлөрүнө экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө берчү жардамын күчөтөт.

Мындай маалыматты Евробиримдиктин Өзбекстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Юрий Штерк ырастаган. “Борбор Азия - глобалдык экологиялык көйгөйлөргө туш келип жаткан чөлкөм,- дейт Юрий Штерк. - Биздин жардамыбыздын өлчөмү бир нече эсе көбөйөт”. 2012-2015-жылдары EURECA 1 программасынын алкагында Борбор Азияда суу ресурстарын, токой чарбасын коргоо жана экологиялык мониторинг жүргүзүү иштерине 10 миллион еврого жакын жардам көрсөтүлгөн. Экологиялык EURECA 2 программасы быйыл октябрда Милан шаарында өтчү Евробиримдик менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн жетекчилеринин жолугушуусунда кабыл алынат. Анда экологиялык программалар боюнча Борбор Азияга көрсөтүлчү жардам жалпы эсеп боюнча 1 миллиард евродон ашмакчы.

"2025-жылга чейин Евразия биримдигинин алкагында бирдиктүү энергетикалык рыноктун түзүлүшү арсар", деп жазат РИА Новости басылмасы. Бул тууралуу Беларустун энергетика министри Леонид Шенец журналисттер менен жолугушууда айткан. Евразия биримдигинде 2019-жылы жалпы электрэнергетика, 2025-жылы бирдиктүү газ жана мунайзат базарын түзүү боюнча концепция Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясында сүйлөшүлгөн. Бирдиктүү энергетикалык базардын түзүлүшү Евразия биримдигинде электрэнергиянын, жаратылыш газы жана мунайзаттын бирдей баада болушу дегенди түшүндүрөт, ага биримдиктеги бардык өлкөлөр даяр болору күмөндүү экенин Беларустун энергетика министри кошумчалаган.

Орусия менен Казакстандын банкы Кыргызстанга 100 миллион доллар насыя берерин Рейтер жазып чыкты. Бул насыя Орусия менен Казакстан түптөгөн Евразия өнүгүү банкы тарабынан 20 жылдык мөөнөткө Токтогул ГЭСин жаңыртуу иштерине сарпталат. Алгачкы 8 жыл ичинде насыя жылына 1% жеңилдик менен төлөнүшү керек. Ошондой эле Кыргызстан Камбар-Ата -1 ГЭСин курууга дагы 100 миллион долларга чейин каражат аларын Евразия өнүгүү банкынын башчысы Дмитрий Панкин билдирген.

Кыргызстан КМШдагы эң жакыр өлкөлөрдүн бири, 2012-жылы Орусия президенти Владимир Путин Кыргызстандын 500 миллион доллар карызын кечип, Жогорку Нарын каскадын жана Камбар-Ата ГЭСтерин иштетүүгө каражат берерин айткандан кийин расмий Бишкек АКШнын авиабазасын жаап салган деп айтылат макалада. Тышкы жардамдан көз каранды Кыргызстан Орусияга ыктап, буга чейин башкы донор болуп келген АКШ менен кызматташтык тууралуу келишимин бузганы макалада баса белгиленет.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG