Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:50

Түркмөндөрдүн Европага газ сатуу кыялы


Газ түтүгүнүн жанындагы түркмөн бала
Газ түтүгүнүн жанындагы түркмөн бала

Түркмөнстан жаратылыш газын Европага чыгаруу жолун издөөдө деп жазат "Независимая газета" басылмасы.

"Независимая газета" 1990-жылы сүйлөшүлүп, бирок алигиче ишке аша элек Түркмөнстан - Ооганстан – Пакистан – Индия газ түтүктөрүн куруу долбоорун расмий Ашхабад жанданта баштаганын жазды.

“Галкыныш” деп аталган газ чыкчу жерден Ооганстандын чек арасына чейинки газ түтүктөрү төшөлчү жерде инженердик иштер башталган. Бул 1800 чакырым жерге коюлчу түтүктөр кийин Индияга жаратылыш газын жеткирмекчи.

Ошол эле учурда Ашхабад Европа биримдиги менен активдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, учурда атайын түзүлгөн жумушчу топ түркмөн газын Европа өлкөлөрүнө алып чыгуу жолдорун иликтеп жатканы макалада белгиленет. Түркмөн газы Батышка 2019-жылдан тарта экспорттолот деп божомолдонууда.

Казакстандан Орусияга реэкспорт жасоо үчүн акы төлөө керектигин "КоммерсантЪ" басылмасы маалымдайт. Казакстандын Дүйнөлүк соода уюмуна кабыл алынганына байланыштуу Евразия экономикалык комиссиясы Евразиялык биримдиктин улуттук базарларын коргоо үчүн бир катар механизмдерди иштеп чыккандыгы айтылат. Дүйнөлүк соода уюмунун алкагында Астана 1,5 миңдей импорттук товарларга бажы салыктарын төмөндөткөн. Бул чет элдик товарлардын Евразиялык биримдиктин өлкөлөрүнө реэкспорттолушун чектөө үчүн ички чек араларда жүктөрдүн кыймылына электрондук көзөмөл киргизүүнү жана бажы салыктарын теңдештирүү сунушталууда.

Казакстан менен Орусия Каспий деңизин бөлүшүп алганын "Ведомости" басылмасы жазды. Эки өлкө башчысы Каспий деңизиндеги “Центральное” деп аталган мунайзат чыкчу жерди биргелешип колдонуу боюнча келишимге кол коюшкандыгы айтылат. Орусиянын Махачкала шаарынан 180 чакырым аралыкта жайгашкан бул жаратылыш кенинде 170 миллион тоннага чейин күйүүчү май бар деп болжолдонууда. Эки өлкөнүн жаңы келишими боюнча кенди өндүрүүгө бир казакстандык ишкана сөзсүз түрдө катышуусу керек. Ошондой эле өлкө президенттери Казакстандын чыгышындагы Өскемен шаарында жылына 120 миң автоунаа чыгарчу завод куруу тууралуу сүйлөшкөнү кошумчаланат.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG