Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:52

"Новая газета" басылмасы кабарлагандай, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун аскерлери радикал исламчыларга сокку урууга даярданышууда.

Ооганстандагы кырдаал Борбор Азиядагы бардык мамлекеттердин аскердик күчтөнүүсүн талап кылууда. Өткөн жумада Жамааттык келишим уюмуна кирген Кыргызстан, Орусия, Армения, Беларус, Казакстан жана Тажикстандын ыкчам аракеттенчү күчтөрү атайын даярдыгын көрсөтүүгө тажик-ооган чек арасына жиберилген.

Шаршембиде Тажикстандын Харбмайдон аскерий майданында атайын машыгуулардан өтүштү. Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун баш катчысынын орун басары Валерий Семериков мындай күтүүсүз активдешүүнү “Ооганстандагы оор абал” менен түшүндүргөн. Уюмдун жетекчилиги исламчылар Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигиндеги өлкөлөрдүн чек арасын бузууга аракет кылышы мүмкүн деп божомолдоп, аларга каршы сокку урууга даярданышууда.

Ооганстанды изилдөө борборунун эксперти Никита Мендкович бул өлкөдө жарадар жана көз жумган аскерлердин саны былтыр үч миңдей болсо, быйыл беш миңге жеткенин айтат. Эксперттин айтуусунда, учурда ооган жеринде согушкан талиптердин саны 5-10 миңге чамалуу, “Ислам мамлекетинин” согушкерлери 1,5 миңге чейин болушу мүмкүн. Мындай аскердик колу менен исламчылар Тажикстандын чек арасын бузуп өтүп, Хатлон облусун басып алышы мүмкүн. Ошондой эле Бадахшан тоо массиви аркылуу Тахар – Тавильдара - Гарм маршруту боюнча Кыргызстанга чабуул жасалышы ыктымал.

Талиптер алар басып алчу өлкө ичиндеги жактоочулардын колдоосуна үмүттөнүшөт. Расмий маалымат боюнча учурда Сирия менен Иракта 384 тажик атуулу согушууда. КМШга кирген өлкөлөрдүн жарандарынын эл аралык террористтик уюмдардын катарында куралдуу жаңжалдарга катышуусуна бөгөт коюу – Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун алдына коюлган башкы чакырык.

Вьетнам Евразия экономикалык биримдигинин эркин соода аймагына май айында кирет деп жазат “Известия” гезити. Евразия экономикалык биримдиги менен Вьетнам Социалисттик Республикасы эркин соода аймагы тууралуу келишимге 29-майда Астанада кол коюшат. Вьетнам менен эркин соода аймагын түзүү Евразиялык экономикалык биримдикке Азия - Тынч океан регионундагы интеграциялык процесстерге кошулууга мүмкүндүк бермекчи. Макалада Орусия менен Вьетнамдын ортосундагы биринчи инвестициялык долбоорлордун азыркы көлөмү 20 миллиард долларды түзөрү айтылган. Орусия вьетнамдык шериктери менен «Куанг Чать-2» жылуулук электростанциясын, вагон куруучу заводду ишке киргизүүгө, «Лонг Фу-1» электростанциясын курууга даярдыктарды көрүүгө жана мунайзат боюнча бир катар долбоорлорду жүзөгө ашырууга кызыкдар. Вьетнам болсо орусиялык жана евразиялык рыноктогу ордун кеңейтүүнү максат кылууда деп айтылат макалада. Келишимге кол коюлуп, ал күчүнө киргенде Вьетнамдын бир топ товарларынан бажы салыктары алынып салынмакчы.

Орусиядагы сүт өндүрүүчүлөрдүн улуттук союзу Бажы биримдигине кирген өлкөлөрдө сүт азыктарына бирдей баа киргизүү сунушун көтөрүүдө деп жазат “Известия” гезити. Мындай сунуш менен Орусиянын сүт өндүрүүчүлөр союзу беларус жана казак кесиптештерине кайрылышкан. Алдын ала прогноздор жай айларында сүт азыктарынын баасы кескин төмөндөрүн көрсөткөн. Бул улуттук сүт өндүрүүчүлөрдү түйшөлтпөй койбойт. Беларустар мындай азыктарга дүң бааны алты эсеге кыскартып, сүт азыгын Орусияга экспорттоону күчөткөн. Казакстан болсо кошуна өлкөлөрдүн сүт азыктарын арзан баада сатууда. Натыйжада, Орусияда сүт өндүрүүнүн өздүк баасы 40 пайызга өсүп, орусиялык фермерлер киреше таппай калган. Орусиянын базарын чет элдик фермерлер сүт азыктары менен толтуруп салат деген коркунуч бар деп айтылат макалада.

Кытай эмнеге Орусияга кызыкдар деген макалада “Коммерсант” басылмасы акыркы учурдагы орус-кытай мамилесине сереп салган. Быйылкы жылдын биринчи кварталында ички дүң продуктусунун 7 пайызга гана өсүшү Кытай үчүн кыйроо эмес, бирок чоң көйгөй. Бул көйгөйдү Бээжин Борбор Азиядагы жана Орусиядагы тышкы экономикалык экспанциясы жана инфраструктуралык инвестициялары менен чечүүгө аракеттенүүдө деп жазат “Коммерсант” гезити. Орусия менен Борбор Азия Кытайды кайра иштетип чыгуу кризисинен сактоочу жана товарларын өткөрүү үчүн ыңгайлуу аймак. Кытай азыр Евразия экономикалык биримдиги менен соода-экономикалык кызматташуу келишимин түзүүгө аракеттенип жатканы айтылат макалада. Жыйынтыгында Кытай менен Евразия экономикалык биримдиктин ортосунда эркин соода аймагы түзүлмөкчү. Бирок мындай сүйлөшүүлөр канчага созулары белгисиз. Орустарды Кытайдын Борбор Азиядагы таасиринин күчөшү кооптондурбай койбойт.

Бул шериктештик бардык тараптарга кирешелүү экени баяндамада белгиленет. Кытай 302 миллиард рубль инвестицияны талап кылган Москва-Казань жолун куруу долбоорун каржылоого макул болгон. Анткен менен Орусия менен Борбор Азиядагы масштабдуу инфраструктуралык долбоорлор үчүн кандай болгон күндө да Кытайдын сырьесу колдонулары макаладагы камтылган негизги ойлордун бири.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG