Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:31

Москвада кремлчил активисттер балдарды чет өлкөлөргө асыроого бербөөнү талап кылып, жүрүш өткөрүшүүдө.

Полициянын маалыматына ылайык, акцияга 12 миңдей киши катышууда.

Кечээ кечинде АКШ бийлиги Техас штатындагы үй-бүлөгө асыроого берилген 3 жаштагы Макс Шатто же Максим Кузминдин өлүмүнө кырсык себеп болгон деген америкалык соттук-медициналык экспертизанын тыянагы чыккан.

Орус энелери кыймылынын координатору Ирина Бергсет алар ошол эле үй-бүлө багып алган Максимдин энелеш бир тууганы Кристофердин мекенине кайтарылышын талап кылышарын айтты.

Орус бийликтери Максимдин өгөй энеси ага психотроптук дары-дармек берчү жана баланы өлтүрүп койгон деп айыпташууда.

Тышкы иштер министрлигинин Адам укуктары, демократия жана мыйзам үстөмдүгү боюнча комиссары Константин Долгов 21-январда каза тапкан 3 жаштагы баланын аутопсиясы толук жүргүзүлгөн эмес деген күмөн саноосун ортого салды. Ал АКШдан бардык тиешелүү документтерди тапшырууну талап кылды.

Кечээ аутопсия жүргүзгөн техастык 4 доктур анын өлүмүнө кырсык алып келген деген тыянакка келишкен. Адистердин ырастоосунда, Максимдин ичеги карынындагы артерия үзүлүп кеткен.

"Аутопсиянын жыйынтыгын алдык. Аны өткөргөн доктурлардын текшерүүсүнө жана консултация үчүн кайрылган башка адистердин маалыматтарына таянып, Макс Шаттонун өлүмү кырсык болгон деген тыянакка келдик", - деди аймактык прокурор Бобби Бланд.

Өткөн жылдын этегинде Орусияда балдарды АКШга асыроого берүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алынган.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG