Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:04

Москва баштаган Орусиянын бир катар шаарларында Украинадагы согушка каршы тынчтык маршы өттү.

​Орусиянын Украинадагы агрессиясына каршы Москвадагы Тынчтык маршында акциянын катышуучулары Пушкин аянтынан Страстный, Петров, Рождественский, Сретенский бульварлары аркылуу Сахаров проспектиси менен Садовый айлампасынын кесилишине чейин жөө жүрүш жасады.

“Азаттыктын” орус кызматынын кабарчыларынын маалымдашынча, акцияга он миңден ашык адам чогулду, ал эми полиция элдин саны беш миңге жакын экенин билдирди.

“Тилектештик” партиясынын мүчөсү, тынчтык маршынын уюштуруучуларынын бири Петр Царьков Твиттердеги баракчасына “полиция көп плакаттарды көтөрүп өтүүгө тыюу салды”- деп жазды.

Акцияга “Яблоко” жана РПР Парнас партияларынын өкүлдөрү да катышты. Тынчтык маршына жалпысынан оппозициялык саясатчылар, таанымал инсандар жана жарандык активисттер чыгышкан.

Санкт-Петербургда Украинадагы согушка каршы өтүп жаткан акциянын бир нече катышуучусун полиция кармап кетти. "Азаттык" радиосунун кабарчысы Татьяна Вольтская маалымдагандай, шаардагы Казан чиркөөсүнүн жанына бир жарым миңдей адам чогулду. Жүздөй киши Горький метросунан Троицкий көпүрөсү аркылуу Марсов талаасына чейин жөө жүрүш жасап, андан соң чиркөөнүн жанындагыларга кошулушту.

Петербургдагы согушка каршы акцияны өткөрүү бийлик менен макулдашылган эмес. Акциянын катышуучулары «Согуш болбойт!», «Украина, кечир!» деген жазууларды, сары гүлдөрдү көтөрүп алышкан. Алардын арасында РПР-Парнас жана «Яблоко» партияларынын активисттери да бар экени белгилүү болду.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG