Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:25

Талас: кыргыз-казак чек ара маселеси талкууланды


Талас.
Талас.

Таласта облустук бийлик менен Казакстандын Жамбыл облусунун акими Карим Кокрекбаев баштаган делегация 24-февралда кош тараптуу алаканы талкуулады.

"Азаттыктын" кабарчысы билдиргендей, тараптар эки өлкө ортосундагы социалдык-экономикалык, соода-сатык, суу чарба, ветеринардык-фитосанитардык жана чек ара маселелери боюнча пикир алмашты. Соңунда өз ара кызматташтыкты жакшыртуу боюнча меморандум кабыл алынды.

Талас облусу Казакстандын Жамбыл аймагы менен чектешет. Буга чейин чек арага жакын айылдарда суу пайдалануу боюнча пикир келишпестик чыккан. (AlS)

XS
SM
MD
LG