Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:20

Путин "эл менен сүйлөштү"


Бүгүн Орусиянын президенти Владимир Путин бир нече жылдан бери салт болуп калган “эл менен түз баарлашуусун” өткөрдү. Мамлекеттик маалымат каражаттарында кеңири чагылдырылган окуя төрт сааттан ашык убакытка созулду.

Баарлашуунун эң маанилүү учурларынан, маселен, соңку жылдары эл ичинде өкмөткө, президенттин өзүнө нааразылык күчөгөнү, оппозициянын массалык митингдери жөнүндө сөз болду.

“Эхо Москвы” радиосунун редактору Алексей Венедиктов “Пусси Раят” кыздарынын камалганы, Алексей Навальныйга жана башка оппозиция лидерлерине кылмыш иштеринин ачылышы, бейөкмөт уюмдарын “чет өлкөлүк агенттерге” теңөө, массалык митингдерди чектөө өңдүү жаңы мыйзамдарга токтолду.

“Сиздин соңку кездердеги сталиндик ыкма менен жасалып жаткан аракеттериңиз Орусияны 21-кылымда өлкөнү алдыга чыгарат деп ишенесизби?” деген суроосуна Путин: “Мен мында Сталинизмдин белгилери бар деп эсептебейм, - деди. – Сталинизм жеке адамга сыйынуу, мыйзамдын массалык бузулушу, репрессия менен байланыштуу түшүнүк. Азыр Орусияда мунун бири да жок жана болбойт деп үмүттөнөм. Анткени азыр коом башка, андайга жол бербейт. Бирок мунун баары бизде тартип, дисциплина болбош керек дегенди билдирбейт. Баары мыйзам алдында бирдей. Эч ким эч кимди түрмөгө “саясий себептер” менен атайылап камап жаткан жери жок. Адамдар саясий көз караш же аракет үчүн камалып жаткан жок, алар мыйзамды бузуп жатышканы үчүн отуруп жатышат”.

Ал оппозициянын массалык жыйындарына каршы эместигин, бирок алар башкаларга алакыт кылбашы керектигин да кошумчалады. Ошол эле маалда, оппозиция менен жөн эле диалогго барбай, кызматташууга да даяр экенин, бирок алар “конкреттүү позитивдүү кызматташуу боюнча сунуш бергенге жарабай жатышканын” билдирди.

Ушул эле күнү Кировдо соту болуп жаткан белгилүү оппозициялык лидер, блоггер Алексей Навальный жөнүндө сүйлөп: “Билесизби, коррупцияга каршы күрөшкөн адамдар өздөрү айнектей таза болушу керек, Антпесе, алардын аракети саясий пиардын гана алкагында таанылып калат”, - деди Путин.

Тышкы саясат жөнүндө президент “Независимая газетанын” редакторунун суроосуна жооп берип жатканда айтты. Анда суроо “соңку кездери Батыш менен мамиле начарлап кеткендей туюлуп жатканы, мунун өзү кээде “кансыз согуш” учурун эске салып жатканы” тууралуу болгон. Путин ага жооп берип жатып, Батыш менен, өзгөчө, АКШ менен Орусиянын мамилесинде түшүнбөстүк Ирактагы согуштан эле начарлай баштаганын билдирди. Андан ары Ливиядагы, башка мамлекеттердеги окуялар да зээнди кейитти деди ал.

“Биз азыр бүт жерде хаосту көрүп жатабыз. Ошондуктан өзүбүздүн өнөктөштөрдүн бул боюнча позициясын туура деп эсептебейбиз. Анда эмне үчүн аларды колдошубуз керек? Бирок мамилени жакшыртыш үчүн баары бир аракет көрө беришибиз керек. Ошол эле маалда, АКШ Орусияга каршы бир мыйзамды экинчиси менен алмаштырганы кандай? “Магнитский актысы” деп Сергей Магнитскийдин өлүмү жакшы иликтене электе эле мыйзам чыгарышты. Мунун эмне кереги бар эле? Жөн гана алар “Биз эң кыйынбыз!” деген эле ойду айткысы келген. Бул – тышкы саясатта өздөрүн кожоюн катары көрсөткөнү. Кимге жаксын бул? Биз аларга жооп беребиз деп эскерткенбиз”, - деди В.Путин.

АКШ тууралуу мамилесин президент суроо-жоопто Бостондогу жакында болгон жардыруу, анан шектүү деп саналган ага-ини Царнаевдер жөнүндө сөзүндө да айтты.

“Орусия өзү эл аралык терроризмдин алгачкы курмандыктарынын бири болгон. Мурда АКШ да, дүйнөлүк маалымат каражаттары да биздин өлкөдө эң жырткыч нерселерди жасаган террористтерибизди “козголоңчулар” деп гана атап, эч качан “террорист” дешпегени кыжырымды келтирчү”, - деди ал.

Бирок Путин эми Бостондогу окуя терроризмге каршы күрөшкө Орусия менен АКШны биргеликте иштешүүгө түртөт го деп ойлоп жатканын да кошумчалады.

“Мен ушул трагедия бизди терроризм өңдүү жалпы проблемаларды биргеликте чечкенге мажбурласын деп чакырам, - дейт орус президенти. - Эгер биз аракетибизди жыйнап, бирге иштешсек, андай жоготуулар болбойт”.

Президент Путиндин эл менен баарлашуусунда өлкөнүн ар кайсыл бурчтарынан, залдын өзүнөн да адамдар суроолорду берип жатышты.

Анда өлкөнүн ички маселелери: элдин социалдык абалын жакшыртуу, төрөгөн энелерге, көп балалуу үй-бүлөлөргө колдоо, эстеликтер жана вандализм, жолдордун абалы өңдүү жана башка темалар көтөрүлдү.

Эл менен "түз байланышты" Владимир Путин 2001-жылдан бери салттуу түрдө өткөрүп келатат. Бирок былтыр ал болбой калган. Президенттин маалымат кызматы аны "аба ырайынын начар болуп жатканы" менен түшүндүргөн болчу. Айрым саясий аналитиктер болсо былтыркы баарлашуунун өтпөй калышын ошол учурга туш келген массалык нааразылык толкуну, "Болотная" акциялары менен байланыштырышкан.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG