Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:57

Трамп ыктымал президенттигинин алгачкы жүз күнүндө жасалчу иштерин жарыялады


Дональд Трамп
Дональд Трамп

АКШ президенттигине Республикачылардын партиясынан талапкер Дональд Трамп бул тууралуу 22-октябрда Пенсильвания штатында сүйлөгөн сөзүндө айтты. Миллиардер жакынкы он жылда орто катмардын салыгын азайтууну, 25 млн жумуш ордун түзүүнү убада кылды. Трамптын пландарында Түндүк америкалык эркин соода аймагы тууралуу жана Транс-Тынч океан өнөктөштүгү жөнүндө келишимдерди өзгөртүү да бар.

Республикачылардын талапкери, жүз күндүгүндө зомбулук үчүн камалган бардык иммигранттарды депортацияларын да билдирди. Ал кылмышкерлерин артка алгысы келбеген өлкөлөрдүн жарандарына виза берилбейт деп коркутту.

19-октябрда АКШда президенттик шайлоо алдындагы дебаттардын жыйынтыктоочу айлампасы өттү. Акыркы сурамжылоолор боюнча, Трамп Клинтондон 7% артта.

АКШ президентин шайлоо 8-ноябрда болот.

XS
SM
MD
LG