Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:36

Путин: Орус-АКШ алакасы Сноуденден да маанилүү


Сноуден Москвага келгенден бери журналисттер менен бир гана жолу 12-июлда көрүшкөн

Сноуден Москвага келгенден бери журналисттер менен бир гана жолу 12-июлда көрүшкөн

17-июлда орус президенти Владимир Путин “орус-америка мамилелери чалгын кызматтарынын Сноудендин айынан тутанган тирешинен маанилүү” деп билдирди.

Бул жөнүндө Владимир Путин эки өлкөнүн алакасы жөнүндө Москвада журналисттерге сүйлөп жатып айтты.

Америка Кошмо Штаттарында чалгын кызматынын чет өлкөлүк жарандардын телефондорун тыңшап, электрондук каттарын окуган программасы жөнүндө маалыматты ачыктаганы үчүн мекенинде айыпталып жаткан Эдвард Сноуден 23-июндан бери Москвадагы “Шереметьево” аэропортунда отурат. Ал Орусиядан башпаанек сураган.

Путин азыр анын негизги эле максаты Вашингтон менен мамилени бузуп албоо экенин белгиледи.

"Биз Сноуден мырзага эскерттик – орус-америка мамилесин ирите турган кандай гана ишмердик болбосун, биз андайга чыдай албайбыз", - деди Путин.

Орус президентинин Вашингтон тарапты ишендиргенге аракет кылган бул билдирүүлөрүнө карабай, АКШ өкмөтү Сноуденди баары бир кайтарууга аракет кылып жатат. ЦРУнун мурдагы кызматкери ачыктаган маалымат америка коомунда кызуу талаштарды жараткан. “Элдин жеке турмушуна өкмөттүн кийлигишүүсүнө деги чек барбы?”, “Мындай жашыруун маалыматты таркатуунун мыйзамдык жагы кандай?” деген өңдүү суроолор пайда болду.

АКШдагы чалгын кызматтары колдонгон ал программа Вашингтондун бир топ өлкөлөр менен, анын ичинде Европадагы айрым өнөктөштөрү менен да мамилесин бузган.

Ушул айдын башында Британиядагы Guardian гезити Эдвард Сноуденге шилтеме менен АКШнын жашыруун кызматтары өлкөдөгү 38 өлкөнүн элчиликтеринин телефондорун да тыңшаганын жазды. Ал өлкөлөрдүн катарында Франция, Италия, Греция, Жапония, Түркия жана башка мамлекеттер бар.

Анын алдынан Германиядагы Der Spiegel журналы Евробиримдиктин Вашингтондогу, Нью-Йорктогу жана Брюсселдеги мекемелеринин телефон, факс, электрондук почталары да Германиядан тыңшалып-текшерилип турганын жазган болчу.

Орус президенти Путин “ыңгайлуу шарт түзүлөөрү менен Сноуден Орусиядан чыгып кетишин кааларын” баса белгиледи.

Эдвард Сноуденге Латын Америкадагы айрым мамлекеттер башпаанек сунуш этишкен.

АКШда Ак үйдүн расмий өкүлү Жей Карни болсо Сноуден өз өлкөсүндө өкмөткө тиешелүү мүлктү уурдап, жашыруун маалыматты таркатканы үчүн тийиштүү жазасын алышы зарыл экенин кайталады.

"Биздин позициябыз – Сноуден мырза АКШга кайтарылып берилиши керек. Ал башка эч жакка саякаттаганга укук албашы зарыл. Ал адам укугун коргоочу активист эмес, диссидент да эмес. Сноуден жашыруун маалыматты ачыктаганы үчүн айыпталган", - деди АКШ өкмөтүнүн расмий өкүлү Жей Карни.

Ал арада Орусиянын Федералдык миграциялык кызматы ушул апта башында Сноуденден башпаанек бьоюнча түшкөн арызды кароого үч ай кетиши мүмкүн экенин билдирди.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG