Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:34

Москвадагы митингде башаламандыкка жол берилген жок


11-январда Москвадагы Манеж аянтында нааразылык жыйыны өтүп, тартип коргоо кызматкерлери тарабынан ондогон киши камакка алынды. Алардын арасында улутчул маанайдагы бир нече кыймылдын лидерлери бар.

“Спартак” футбол клубунун күйөрмандары баштап чыккан көпчүлүк өткөн айда Манежде башаламандык уюштурган. Ошондон көп өтпөй түзүлгөн “11-декабрь” аттуу кыймыл интернет аркылуу элди Манежге чыгууга үндөгөн. Милиция алдын ала чара көрүп, бул жолу Кремлге жакын келгендерди кармай баштаган.

Интернет аркылуу тараган жарыяда “Орусия орустар үчүн” деген ураанды колдогондорду Манеж аянтына чыгууга чакырык ташталган. Акцияга чыккандар “куралдуу козголоң даярдаган” деген айып менен камакка алынган мурдагы чалгынчы, полковник Владимир Квачковдун бошотулушун, мигранттар үчүн мыйзамды катаалдаштырууну талап кылышкан. Акциянын уюштуруучулары мындан ары ар бир айдын он биринде нааразылык акциясы өтүп турарын эскерткен.

Митингдин алдында тартип коргоо органдары уруксатсыз митингге жол берилбей турганын маалымдаган. Кабарларга караганда, кечки саат алтыга чейин 20га жакын киши камакка алынган. “Новости” агенттигинин маалыматы боюнча, кармалгандардын саны 50гө жетет. Ал эми Москва шаардык милициясынын басма сөз катчысы Виктор Бирюков Манежде он киши камакка алынганын айтты.

Улутчул маанайдагы “Славянская сила” кыймылынын лидери Дмитрий Демушкин интернет аркылуу элди митингге үндөгөндөрдүн талабына нааразы:

- Алдыга коюлган максат так иштелип чыгышы керек. Кайда, эмне максат менен, кандай каражаттардын жардамы менен, кайсы күчтөр болуп уюшулганы такталышы керек.

Оппозициячыл саясатчы Илья Яшин:

- Эң башкысы алар көчөгө чыккан сайын башаламандык уюштурбашы керек. Баш мыйзамда алардын укугу бар. Бирок алар түсү башкаларга кол салууга үндөсө, анда аларга жол жок.

Кремлдин кызыл сепили алдында өтө турган акцияны уюштургандарды бирөөлөр улутчулдар десе, башкалары “Мыйзамсыз мигранттарга каршы” кыймылы болгонун ырастайт.

“Солчулдар фронту” кыймылынын мүчөсү Сергей Удальцов:

- Камакка алынган полковник Квачковду колдогонуна караганда, митингге чыккандар анын жакындары болушу ыктымал. Муну “футбол күйөрмандары уюштурду” деп айтууга негиз жок. Менин байкашымча, муну улутчул маанайдагы бир нече топ уюштурган болушу ыктымал.

Удальцов митингди Манеж аянтына жаштарды чыгарып, аларды тизмеге алуу үчүн атайын кызмат да уюштурушу ыктымал деген пикирде.

XS
SM
MD
LG