Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:50

Орусияда оппозиционер саясатчы жана миллиардер Михаил Прохоровго таандык ири РБК медиахолдингине карата көз боёмочулук беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, жетекчилиги суракка алынып, салык төлөмдөрү текшерилүүдө.

Адисттер муну Орусиядагы ири медиахолдингдин көз карандысыз ММК тобу соңку кезде Путиндин кенже кызы делген Екатерина Тихонова менен анын күйөөсү Кирилл Шамаловдун миллиард долларлык бизнеси, алардын кызыкчылыгы үчүн иштеген Кремлдеги коррупциялык схемалар, ошондой эле акчасын Панамадагы офшорлордо каткан орусиялык мамлекеттик кызматкерлер тууралуу бир топ иликтөөлөрдү жарыялап чыкканы менен байланыштырат.

Москва полициясынын Башкы башкармалыгы холдингге карата кылмыш иш Прохоровдун мурунку өнөгү Александр Пановдун арызы боюнча козголгондугун маалымдаган. Пановдун билдирүүсүндө прохоровчулар анын жана Ярослав Карецский деген ишкер досунун РБКнын курамына кирген «Байт-Телеком» ишканасындагы акцияларын мыйзамсыз алып коюшкан.

Михаил Прохоров

Михаил Прохоров

Прохоров ээлик кылган ОНЭКСИМ инвестициялык фондунун ишканаларын Федералдык коопсуздук кызматы апрелде бир нече жолу тинткен. Алар тинтүүлөр уюм салык төлөөдөн качууда деген маалыматты текшерүү максатында өткөрүлгөнүн билдирген.

Ага кошумча укук коргоочу органдар РБКнын башкы директору Николай Молибог, анын орун басары Екатерина Круглованы жана башка топ-менеджерлердин кылмышка тиешеси бардыгын иликтөөгө алган.

51 жаштагы Прохоров 2012-жылы Орусияда президенттик шайлоого катышып, Владимир Путинден жана Коммунисттик партиянын лидери Геннадий Зюгановдон кийинки орунду ээлеген.

2018-жылы өтчү шайлоого чейин РБК менен бирге “Ведомости” басылмасы дагы жоголуп кетиши мүмкүн

Ал 1993-жылы түптөлгөн РБК холдингин 2009-жылы сатып алган. Бүгүнкү күндө анын ММКнын тобу аудиториясы жана кирешеси боюнча Орусияда алдыңкы орунда.

Холдингге «Росбизнесконсалтинг» маалымат агенттиги, Quote.rbc.ru аналитикалык порталы, РБК телеканалы, журналы жана гезити, ошондой эле бир катар интернет долбоорлор кирет.

Орусияда “саясий салмактуу” басылма 60 миллион долларга бааланууда.

Орусиялык журналист Алексей Полухин бул тинтүүлөрдү Прохоровдун саясий ишмердүүлүгү менен эмес, анын капчыгынын калыңдыгын текшерүү аракети менен байланыштырат.

- Биринчиден, Прохоровдун менчигинде “маскачан шоуну” Федералдык коопсуздук кызматынын атайын күчтөрү менен Финансылык чалгындоо кызматы жүргүзгөнүн эске алуу керек. Бул жерде чет жактагы акчанын изине түшүү аракети болгону ачык көрүнүп турат. Михаил Прохоровдо акча көп экени жалпыга эле белгилүү. Эгерде бул жакта саясий кызыкчылыктар бар болсо, ишти тергөө кызматы өз колуна алмак.

Орус коомчулугунда мындай тинтүүлөр аркылуу кызыккан тараптар Прохоровдун бизнесин тартып алууга аракеттенип жатышканын дагы айтып чыгышкан.

Евгений Чичиваркин

Евгений Чичиваркин

- Эгерде РБК эле эмес, болгон бизнесин тартып алса, анда кандайдыр бир кесепеттер болушу мүмкүн. Анын өзүнө дагы бир нерсе кылып коюулары ыктымал же ал өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болот. Ишкерлер мындай тобокелдикти алдын ала эске алып иштешет. Орусиялык компаниялар эч кандай баага ээ эмес. Бардыгын бир мүнөттө тартып алчу өлкөдө жинденген чекисттер бар экени белгилүү... 2018-жылы өтчү шайлоого чейин РБК менен бирге “Ведомости” басылмасы дагы жоголуп кетиши мүмкүн - дейт орусиялык ишкер Евгений Чичваркин.

Прохоровдун менчигинин айланасындагы тинтүүлөр, холдингдин жетекчилигин суракка алуулар жана козголгон кылмыш иши Орусияда дагы бир көз карандысыз маалымат каражатынын жабылышына алып келет дейт медиа-аналитик Наталья Ростова.

- Бул массалык маалымат каражаттарынын тобун оппозициялык деп деле атоого болбойт. Алар ишин мыкты аткарган профессионалдар болчу. Алар өлкөдө болуп жаткан окуяларды чагылдырып, аудиториясын маалымат менен камсыздашчу. Кремлдин көрсөтмөсүнө баш ийбей окуяларды калыс чагылдырчу. Мисалы, Панамада акчасын каткан кызматкерлер жөнүндө маалымат чыкса, алар унчукпай отуруп калышчу эмес.

Ростова мындан 15 жыл мурун НТВ телеканалы так ушундай күч менен тартып алынганын, ошол эле Лента.ру интернет басылмасы былтыр ушундай окуяга туш болгонун эскерет.

Ушу тапта орусиялык бир катар басылмалар Прохоровго жакын маалымат булактарына таянып, миллиардер РБК медиахолдинги менен бирге “Квадра” энергетикалык ишканасын дагы тез арада сатып жиберүүгө аракет кылып жатканын кабарлашууда.

Forbes орусиялык ишкердин байлыгын 7,6 миллиард долларга баалаган. Прохоров былтыр декабрда 875 миллион долларга бааланган америкалык Brooklyn Nets баскетбол командасын сатып алган.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде окуйт. К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетин бүтүргөн. 

XS
SM
MD
LG