Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:02

13-октябрда Москванын Бирюлево районундагы калайман кагылыштын түпкү себептери тууралуу «Азаттык» Орусиядагы улуттар аралык мамилелер темасына адистешкен белгилүү журналист Саяна Монгуш менен маектешти.

“Азаттык”: Бирюлеводогу окуя – бул чын эле өзүнөн өзү чыккан элдик козголоңбу же улутчул күчтөрдүн башкарылган акциясыбы?

Саяна Монгуш: Жарандардын эркин макулдуксуз өз ыктыяры менен билдирүүсүнө чек койгон Орусия Конституциясынын 31-беренесине толуктоолор киргизилгенден бери бул жерде «өзүнөн өзү элдик толкундоолор» тууралуу сөз да болушу мүмкүн эмес. Келаткан жылы Кремлдин "Элдик биримдик күнү" аттуу патриоттук долбоорунун негизинде түзүлгөн Орус жүрүшүнүн 10 жылдыгы белгиленет. Бул эвфемизмдин ары жагында, албетте, саясый инструмент катары колдонулган одоно фашизм быгып жатат. Мүмкүн, бул чагымчылдыктар – келаткан жылы бийликтин эсин чыгара турган нааразылыктарга эмитен жол бербөө максатында уюштурулган тренинг да болгон сыяктуу.

“Азаттык”: Зомбулук кандай түрдө болбосун алгылыксыз эмеспи, ошентсе да Орусиядагы орус калкы чын эле Кавказдан келгендерден басмырланып жатат деп айтууга болобу?

Саяна Монгуш: Баш прокуратуранын ырасмий маалыматы тескери нерсени күбөлөп жатпайбы. Москванын жана Ички иштер башкармасынын чоңдору айткан сандарга жана сөздөргө эч ким ишенбейт. Орусия аймагында кылмыштардын 97 процентин орусиялыктар өздөрү жасашат, 3 гана проценти КМШ жарандарына жана чет жердиктерге туура келет. (http://crimestat.ru/social_portrait)

Анын үстүнө “Кавказдын тургундары” деген аталыш менен өз өлкөсүнүн жарандары менен күрөшүүнүн өзү күлкү жаратпай койбойт. Арийне, көп проблемаларга экономика жана фискалдык саясаттагы алешемдиктер, кирешелерди кайра бөлүштүрүү өңдүү социалдык илдеттер себепкер дечи.

Орусия акыркы он жылда кайра куруудан кийинки жетишкендиктеринен дээрлик ажырады, мыйзамдар (кендер, жергиликтүү башкаруу, саясый укуктар жана эркиндиктер ж.б.) ар кандай толуктоолордон улам кээринен кетти. Эгер мыйзамдарда жазылгандарды талыкпай талдап чыксак, демократтык мамлекетке таандык касиеттерди таппайбыз деп корком.

“Азаттык”: Мындай жагдайда, айталык, кылмыштарга сейрек барса да улутчулдар козголоңдорунан көп запкы жеген Борбор Азия мигранттарынын проблемасы кандай чечилиши ыктымал?

Саяна Монгуш: СССР ыдыраганга чейин баары чогуу бир өлкөдө жашагандыктан, бүт цивилизациялуу коомго жараша кызматташтык жана визасыз режим тууралуу эл аралык келишимдер өкүм сүргөндүктөн, эмгек миграциясы, анын ичинде Борбор Азия жарандарынын миграциясы табигый көрүнүш катары кабыл алынышы кажет.

1992-жылдан кийин туулуп, кыйын болсо окууну жаңы бүткөн орус скинхеддеринен айырмаланып, азыр Орусияда шыпыргыч жана куруучу болуп иштеген мигранттар, алардын чоң ата-чоң энелери согуш маалында толугу менен Орусия экономикасына иштеген.

Коррупция деңгээлин жана эмгек мыйзамынын тынымсыз бузулушун алганда Орусия – өзүнө тарта турган жер эмес, бирок чек араларды жабуу боюнча мамлекеттер аралык чечим жок болгон соң ишти таштап, акча табуу мүмкүндүгүнөн баш тартып, баса берүүнүн кажети жок деп ойлойм. Мүмкүн, жумушчу диаспоралар өздөрү тилектеш болуп, элчилик, өкүлчүлүк өңдүү ырасмий органдар орусиялык укук коргоо уюмдары менен биргелешип жок дегенде эл аралык укук нормаларын сактоого аракет кылышса да майнап чыкса керек.

Айталык, Эл аралык эмгек уюмунун Орусияда өкүлчүлүгү бар, ал уюм эмгек мигранттарынын социалдык жана башка кепилдиктери боюнча укуктары бузулуп жатканы боюнча маселе коё алат эле. Эл аралык укуктун негизинде жумушчулардын таламын соттордо да талашуу мүмкүн. Жеке өзүм Орусия шаарларында ар кыл расалардын, элдердин өкүлдөрүн дайыма көрүүгө куштармын. Не дегенде көп улуттуу ири держава катары Орусия дүйнөнүн көп түрдүүлүгү менен эсептешүүгө милдеттүү. Жана да кайсы бир душмандар тууралуу жомоктор менен коркутулуп алынган калкын да ушул нерсеге үйрөтүүгө тийиш.(http://www.unrussia.ru/ru/agencies/mezhdunarodnaya-organizatsiya-truda-mot)

“Азаттык”: Улуттар аралык мамилелерге байланышкан кийинки окуялар кайсы багытта өнүгүшү ыктымал?

Саяна Монгуш: Сценарий көңүл жибитпейт. Улуттук аймактарды сепаратчыл деп дайыма айыптап келаткан Орусия өлкөнү өз колу менен кыйроого алып келатат. Ири шаарларда өңү-башына карата адамдарды өлтүрүп жаткан скинхеддер Орусиянын бир өңчөй улуттар байырдаган чакан калаалардагы жүз миңдеген орустар алардын айынан барымтага калаарын элес албай жатышат. Бүгүн айталык, тажиктин башын алып салуу кадыресе көрүнүш болсо, эртең чет жакта орустун башын да алып салбайт деген кепилдик барбы?

Бүгүн бир гана Константин Боровойдун «Западный выбор» партиясы Орусияда ксенофобияны айыптаган билдирүү менен чыгып, өлкөнүн акырындан фашизмге жылып баратканын, мындай оюндун арты каргашалуу болоорун эскертти. Бирок Орусия Минюсту жакында эле бул партиянын каттоосун токтоткону ойго түртөт. (http://www.echo.msk.ru/blog/k_borovoi/1176454-echo/ )

“Азаттык”: Орусия бийликтери орус улутчулдарын колдойт деген айыптоолорго канчалык негиз бар?

Саяна Монгуш: Орусия кааласа Лондондо болобу, Жакын Чыгыштабы, өзүнүн мурдагы агенттеринин көзүн тазалоого, кимди болбосун жер астынан болсо да сууруп чыгууга, бөтөн агентти сактап калууга кудурети жетерин эске алсак, анда кыйраткыч топтор күтүлбөгөн жерден жана башкаруусуз чыкты дегенге ишенүү кыйын. Маселе бул процесстер канчалык деңгээлде жана канча мезгилге башкарылат дегенде.

Мындан 8 жыл мурда «Московский комсомолецтин» журналисттери Москвадагы райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн биринин имаратынын ичинен скинхеддердин машыгуу жайын табышкан. Жаш фашисттер милиционерлер менен бир спорт залды саатына чейин бөлүштүрүп алышкан. (http://crimestat.ru/social_portrait)

“Ыймандуулукту сактоо” деген жакшынакай шылтоо менен өлкөнү клерикалдаштыруу, “элдик кошуун” деген ат менен квазиполицияны – иш жүзүндө жазалоочу отряддарды мыйзамдаштыруу, ушунун баары азыр Орусияда жүрүп жаткан окуялар “өзүнөн өзү”, “элдик кыжыр” түрүндө чыгып жатат дегенден шек жаратат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG