Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:24

Орусия: бийликти колдон чыгарбоо аракети


Абакта отурган Борис Немцов
Абакта отурган Борис Немцов

5-январда Москвада нааразылык жыйынга чыккандардын үчөө камакка алынды. Алар беш күн мурда митингде камакка алынгандарды бошотуу талабын коюшкан.

31-декабрда Москвада “тынч митингдерди өткөрүү укугун коргоо пикетине” чыккандардын айрымдарын тартип коргоо кызматкерлери кармап кетип, алардын отуз беши көп өтпөй кое берилген. “Милицияга баш ийген эмес” деген айып менен кармалган оппозициячыл саясатчылар Борис Немцов, Илья Яшин жана Эдуард Лимонов 31-декабрдан бери камакта жатышат.

Эскерте кетсек, 31-декабрда Москва шаарындагы аянттардын биринде митинг өткөн. Андан кийин ордо калаада 68, Санкт-Петербургда 50 киши камакка алынган, алардын ичинде оппозициячыл саясатчылардын айрымдары да бар.

Расмий маалыматка караганда, алар митинг өтүп жаткан жерге баратканда кармалган. Соттун чечими менен кармалгандардын айрымдары айрымдары айып пул төлөп бошотулса, Борис Немцов, Илья Яшин жана Эдуард Лимонов он беш күнгө эркинен ажыратылган.

Коомчулук арасында бул окуя талкуу жаратты. “Роснанонун” жетекчиси Анатолий Чубайс “эми бийлик тарабынан уруксат берилген жыйынга баргандар да кармалабы” деген суроо коет:

- Мындай суроо жеке эле менде эмес, ар бир адамдын оюна келет. Демек ал суроого элдин алдында баркы-баасы кеткен сот эмес, бийлик өзү жооп бериши керек. Же биздин өлкөдө бүгүн коомчулук менен бийликтин ортосунда талашка түшчү жер калбай калганбы?

АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Филип Кроули Москвада жана Санкт-Петербургда кармалгандар үчүн тынчсыздануусун билдирсе, АКШ президенти Барак Обама Орусияда демократиянын бутак жайышына Немцовдун салымы чоң болгонун айткан. Барак Обама менен Борис Немцов 2009-жылы Москвада жолугушкан.

“Солчулдар фронту” кыймылынын жетекчилеринин бири Сергей Удальцов Москвада өткөн митингде бийликчил “Наши” кыймылы чагым уюштурганын айтты:

- Ондой кишиден турган уландар колуна ураан көтөрүп, жаныбызга тура коюп, бизди кармоо үчүн милицияга шылтоо таап беришти.

Талдоочулар бийлик “эки кадам алдыга, бир кадам артка” жылган тымызын кармаш жүргүзүп жатканын, ошонун илеби оппозицияга тийип атканын белгилешет. Айрымдардын пикиринде, Кремль ички саясатта эки тизгин бир чылбырды колдон чыгарбоого аракет жасап отуруп ушул абал жаралды. Талдоочу Марк Урнов учурда Орусиянын саясаты эки тарапка бөлүнгөнүн кошумчалайт:

- Путиндик топтор каймана түрдө айтканда шумкар болуп эсептелет. Ал эми Медведевдин командасы башкача, алардын көз карашы либералдуулукка жакын.

Amnesty International уюму Москвадагы митинг маалында кармалгандарды “абийир туткундары” деп атады.

XS
SM
MD
LG