Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:17

Орусия: ырчылар акыркы сөзүн айтат


Айыпкер ырчылар сот залында.
Айыпкер ырчылар сот залында.

Орусияда президент Владимир Путинге каршы ырдаган Pussy Riot (Пусси Райот) тобунун үч мүчөсү бүгүн сотто акыркы сөз алышат.

Кечээ прокуратура аларды үч жылга түрмөгө кесүүнү суранды. Ырчы кыздар быйыл кышында Москвадагы борбордук чиркөөдө өткөргөн акциянын маанисин мамлекеттик айыптоочу менен жабырлануучулардын жана айыпталуучулардын адвокаттары эки башка чечмелешүүдө. Москвада жүрүп жаткан бул сот жараян поп музыкасынын дүйнөлүк жылдыздарынын да көңүлүн бурду.

Рок музыкасынын панк ыкмасында иштеген Pussy Riot тобунун кылмыш жоопкерчилигине тартылып жаткан үч мүчөсү: Мария Алехина, Надежда Толоконникова, Екатерина Самуцевич Москванын Хамовническ райондук сотундагы жараянда белгилешкендей, алар 21-февралда Сактоочу Иса храмында өткөргөн акция патриарх Кирилл Владимир Путинди шайлоодо колдошуна саясий каршылык билдирүү гана болгон.

Алар православ динзарларды кемсинтүү, кордоо максатын көздөшпөгөнүн айтышты. Айыпкерлердин бири Екатерина Самуцевич соттогу шейшемби күнкү көрсөтмөсүндө буларга токтолду:

- Сактоочу Иса храмын саясий трибунага биз айланткан жокпуз. Муну шайлоо өнөктүгү учурундагы көп сандагы билдирүүлөрү менен Патриарх Кирилл жасады. Эгер биз храмдагы ырыбызда “Жараткандын энеси Путинди сакта”, “Жараткандын энеси феминист болбо” деген сөздөрдү айтсак бул жерде отурбайт элек.

Кайчы түшүндүрмөлөр

Анткен менен мамлекеттик айыптоочу ырчы кыздардын соттогу түшүндүрмөлөрүн четке кагып, алардын акциясынын маани-маңызын башкача чечмеледи.

Прокурор Александр Никифоровдун айтымында, ырчылардын акциясы “Орусия элдеринин тиреги менен маданий салттарына шек келтирүүнү” көздөгөн, “динбезерлер бирикмесинин 20-жылдардагы аракеттерин эске салган” жана “диний кастык, жек көрүүчүлүк жүйөсүнөн улам жасалган бейбаштык”.

Прокурор ырастагандай, ал акцияларда саясий мазмун жок. Анткени бир дагы саясатчынын фамилиясы аталган эмес.

Ырчылардын соттолушуна нааразылар каршылык билдирүүдө. 3-август, 2012-жыл.
Ырчылардын соттолушуна нааразылар каршылык билдирүүдө. 3-август, 2012-жыл.
Прокурордун айткандарын сотто ырчылардын кышындагы акциясынан жабырландык деген динзарлардын адвокаттары да колдошту.

Pussy Riot тобунун үч мүчөсү Орусия Кылмыш кодексинин 213-беренеси (бейбаштык) боюнча айыпталууда. Ал берене 7 жылга чейин абакка кесүүнү карайт. Мамлекеттик аларды үч жылга кесүүнү сурап, муну айыпкерлерге жакшы мүнөздөмө берилгени жана экөөнүн балдары бар болгону менен түшүндүрдү.

Ал эми ырчылардын адвокаттары соттон аларды толук актоону суранышып, адилет чечим болбосо, Адам укуктары боюнча Европа сотуна чейин кайрылышарын айтышты. Адвокаттардын бири Виолетта Волкова:

- Соңку 95 жыл же 1917-жылдан бери Орусияда Кудайга акараат келтиргендик боюнча сот жараян болгон эмес. 2012-жылы убакыт артка, орто кылымды көздөй бурулду. Бул жараян менен Орус православ чиркөөсүнө кыздар эмес, бийлик олуттуу сокку урду. Бул аялдар эл аралык уюмдар тарабынан саясий айыпкер деп табылышты. Алар чиркөөдө, туура эмес жерде, туура эмес кийим менен бийлегени, туура эмес сыйынганы, туура эмес чокунганы үчүн отурушкан жок. Алар бул жерде өзүлөрүнүн саясий ишеними үчүн отурат.

Москвадагы сот жараян поп музыкасынын дүйнөлүк жылдыздарынын да көңүлүн бурууда. Өткөн аптада “Тайм” гезитинде жарыяланган ачык катта британиялык таанымал он эки музыкант ырчы кыздарга коюлган айыпты “абсурд” деп атап, орус президенти Путинди адилеттикке үндөшкөн эле.

Ал эми ушул күндөрү Орусияга гастролго келген америкалык поп жылдыз Мадонна орус бийликтерин кыздарды бошотууга чакырып, ырчылардын соттолуп кетишин "трагедия" деп атады:

- Мен цензурага каршымын. Бүткүл карьерамда ой пикир билдирүү эркиндигин, сөз эркиндигин колдоп келем. Андыктан, менимче, алардын үстүнөн болуп жаткан нерсе - адилетсиздик. Мен алар абакта жети жыл отурбайт деп үмүттөнөм. Бул трагедия болот. Менимче искусство саясий болуш керек. Тарыхый жактан алганда, искусство ар убак коомдогу көрүнүштөрдү чагылдырып келген.

Ырчы кыздардын сотун жакында Лондонго барганда президент Путин да комментарийлөөгө аргасыз болгон эле. Ал ырчылар “өтө катуу жазаланбашы” зарылдыгын, “сот туура чечим чыгарат” деген үмүттө тургандыгын айткан.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG