Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:53

Валюта базарындагы кечээги соодада рубль төмөндөөнүн жаңы тарыхый чегине түшүп, бир доллар алгачкы ирет 38 рублдан ашып кетти. Рублдин нарксыздануусу Орусия Батыштын украин кризисинен улам киргизген санкцияларынын таасирин даана сезе баштаган учурга туш келүүдө.

2008-2009-жылдардагы кризистен бери орус акчасынын бир америкалык долларга карата курсу биринчи жолу быйыл мартта, Орусия Крымды аннексиялаган кезде 36 рублдан ашкан болчу. Быйылкы жылдын 1-сентябрына карата бир америкалык доллар 37 рублдан ашуунга бааланып жаткан.

Санкциялардын таасириби?

Орус валютасы төмөндөөнүн жаңы тарыхый чегин багындыруусу дүйшөмбү күнү “Москва биржасында” соода ачылгандан көп өтпөй эле башталды жана америкалык доллардын рублге карата курсу Москва убактысы боюнча кечки саат 19:00гө карата 38 рубль, 40 тыйынга чейин жетти.

Бүгүн болсо бир доллардын курсу 38 рубль 68 тыйынга көтөрүлдү. Евронун орус акчасына карата катнашы да өсүп, быйыл апрелден бери алгачкы ирет бир евро 50 рублдан ашуунга бааланды.

Бул жаңы тарыхый төмөндөөнүн алдында өткөн жума күнү Еврошаркет менен АКШнын Орусияга каршы санкцияларынын жаңы айлампасы күчүнө кирген болчу. Ага ылайык, санкцияга өлкөнүн энергетикалык гиганттары: “Роснефть”, “Транснефть”, “Газпромнефть” компаниялары, ага катар мамлекеттик эки ири “Сбербанк” менен ВТБ банктары кабылган.

Орусиянын валюта базарындагы акыркы олку-солкулуктарда “санкциялардын тикелей таасири бар”, - дейт “Азаттык” менен маегинде казакстандык экономист Марат Каирленов:

- Бир жагынан Батыштын санкциялары, экинчи жагынан ага Орусия бийликтеринин реакциясы экономикадагы кырдаалды түшүнүксүз кылууда. Мындай шартта капиталды сыртка чыгарып кетүүгө артыкчылык берилип, бул өз кезегинде рублдин куну качуусу менен коштолууда.

Батыш санкцияларынын рублдин куну качуусуна таасирин тереңдеп чечмелей келгенде, эксперттер бир нече факторду белгилешет.

Орусиянын мамлекеттик компаниялары менен банктарынын Батыштын капитал базарынан насыя алуу мөөнөтүнүн чектелиши экономикага жалпысынан басым жасоо менен валютага карата ички керектөөнү да күчөтүүдө.

Анткени бул компаниялар менен банктар ири көлөмдөгү валюталык милдеттемелерин Батыштын каржы базарлары аркылуу аткаруу же мурдагы карызды жаңы карыз алуу жолу менен жабуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырап олтурат. Мындай жагдай өлкөдөгү бизнес субьектилер валютаны ички базардан жыйноого киришүүсүн да шарттап, таңкыстык жаратат.

Орус акчасынын куну качуусуна түрткү берген дагы бир фактор катары талдоочулар дүйнөлүк базарда мунай баасынын төмөндөгөнүн да айтышууда.

Сом орус акчасын ээрчийби?

Рублдин нарксыздануусу болжолдонгондой дагы уланса, анын Орусия менен бир экономикалык мейкиндик, тыгыз-алака катыштагы өлкөлөргө тийүүчү таасири тууралуу казакстандык экономист Марат Каирленов “Азаттыкка” буларга токтолду:

- Орус экономикасындагы рецессия бизге да терс таасир берет. Кыргызстан менен Казакстан, маселен Орусияга көп эле товар сатат. Ал жактан бизге инвестициялар келчү. Мунун баары эми кыйла эле кыскарат. Алар биздин чийки заттарды аз сатып алып калат. Нарксызданып жаткан рубль Орусиянын ички өндүрүштөгү товарларынын баасын арзандатат. Мындан Казакстан өңдүү Бажы союзундагы өлкөлөргө орусиялык товардын агымы күчөп, бул өз кезегинде ата мекендик өндүрүүчүлөргө кедергисин тийгизет.

Экономист Марат Каирленов кошумчалагандай, Казакстанда акыркы девальвациядан кийин Улуттук банк теңгенин курсу төмөндөй алуучу коридорду кеңейткендиктен азырынча валюта базарындагы олку-солкулук байкала элек.

Кыргызстанда болсо өткөн аптада сом нарксызданып, бир доллар 54 сомго чейин бааланган эле. Бишкектик экономист Азамат Акелеев “Азаттык” менен маегинде буларга токтолду:

- Кыргызстанда айланган акчанын көбү орус экономикасы менен байланыштуу. Анын ичинде, мигранттардын жөнөткөн акчасы, экспорттон түшкөн акча. Орусиянын валюта базарындагы өйдө-ылдыйдан бизге спекулятивдик таасир тийиши, биздин валютабыз да арзандап кетиши мүмкүн. Арзандоо азыр деле байкалып жатат. Акыркы эки жуманын ичинде доллар дээрлик бир сомго кымбаттады.

Орус рублинин куну качышы Орусиядагы жүз миңдеген кыргыз мигранттары мекенине салган валютанын жалпы көлөмү азаят дегенди да туюндурат.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG