Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:14

Орусия: Твердин Ржев шаарындагы кыргызстандык окуучулар


Ржев айыл чарба коллежи. Ржев шаары, Орусия. 16.5.2011.
Ржев айыл чарба коллежи. Ржев шаары, Орусия. 16.5.2011.

Орусиянын Тверь облусуна караштуу Ржев шаарында билим алып жатышкан кыргызстандыктарды шаар бийиликтери жатаканадан май айында 5 күнгө чыгарып салышкан эле. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин биринчи катчысы Жаныбек Карымшаков жана Москвадагы кабарчыбыз 16-майда Ржевге барып, балдардан кабар алышты.

Москвадан Ржевге чейин 3 сааттык жол. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин биринчи катчысы Жаныбек Карымшаков Ржевдеги балдардан кабар алганы ушуну менен үчүнчү жолу бара жатат.

250дөн ашуун окуучу Ржевдеги айыл чарба коллежине өткөн жылдын сентябрь айында келишкен.

Балдарды Орусияга алып келүүгө кыргызстандык космонавт, Кыргыз Республикасынын Баатыры Салижан Шарипов жардамдашкан.

Балдардын көбү 9-классты Оштон жана Өзгөндөн бүтүрүшкөн, 16-17 жашта, арасында бир нече кыз бар. Коллежде, келишимдерге ылайык, алар бюджеттик бөлүмдөрдө билим алышууда.

Элчиликтин биринчи катчысы Жаныбек Карымшаков айтып өткөндөй, балдар келгенден бери алар окуган коллежди өрт өчүргүчтөр, чукул кырдаалдар мекемесинин кызматкерлери үстөккө-босток текшере башташкан.

Буга чейин Ржевдеги райондук прокурор менен да кездешүү болгон, бирок ал өрт өчүргүчтөр коллежден көп кемчиликтерди таап, бардык текшерүү кадамдары мыйзамдуу болуп жатканын билдирген.

“Ржевский” коллежинин директору Сергей Жегунов “Азаттык” үналгысына 11-май күнү телефон аркылуу төмөндөгүдөй оюн айткан болчу.

- 23-сентябрдан бери шаардын бийликтери жанды койбой атышат. Баары шаардык гезиттеги мэрдин макаласынан башталды. Ал макалада Кыргызстандан ким келди, аларды текшериш керек деген ой айтылган. Ошондон бери артыбыздан түшүп алышты.

Текшерүүнүн артынан текшерүү жүрүп жатат. 29-декабрда келип “салык төлөсөңөр жакшы уктайсыңар” деп кетишти. Акча өндүргүлөрү келип атышат. 9-классты араң бүткөн балдардан эмне өндүрөсүңөр, алардын жашай турган жери жок, көбү ата-энесиз, көбүнүн ден соолугу начар...

Майдын башында соттун чечими менен өрт коопсуздугу сакталбаган деген жүйөгө таяп, жергиликтүү бийликтер жатакананы 5 күнгө жаап, балдар көчөдө калган.

9-майда алар кайра жатаканага киришкен, ага чейин окуу жайдын коллежинде жашашкан, кээ бирлери мугалимдердин же группалаштарынын үйлөрүндө түнөшкөн.

Биз Ржев шаарына барганда балдар жатаканага кайра жайгашып, окуу жүрүмү уланып атыптыр. Кээ бирөөлөрү сынактарын тапшырып, Ошко жөнөп жатышкан экен.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин биринчи катчысы Жаныбек Карымшаков документтерди коллеждин жетекчисинен сурап, алар менен таанышып жатты. Мен болсо жатакананы аралап жөнөдүм.

Ржевге кээ бир ата-энелер балдары менен чогуу келишип, бул шаарда калып калышкан экен. Алардын бири - Умида Абдикадирова.

Умида жаткананын ашканасында балдарга күнүгө самса, палоо, лагман сыяктуу ар кыл тамак жасайт.

Умиданын айтымында, ал жаш балдарды алып келип, анан аларды жайгаштырып, бирок кийин таштап кете алган эмес, себеби эки баланын ата-энеси Түштүк Кыргызстандагы 2010-жылкы июн окуялары маалында (Ош окуяларында) каза болушкан, дагы бир бала бутуна ок тийип, бир буту жок майып болуп калган, кээ бир балдардын үй-жайлары өрттөнүп кеткен.

Жатаканада ар бил бөлмөдө 3-4 бала чогуу турат . Жуунчу жай, ашканасы бар.

Сүрөт баян. Ржевск шаарындагы кыргызстандык окуучулар жана студенттер

Жергиликтүү орусиялык студенттер алар менен аралаш жашашат.

Дээрлик ар бир бөлмөдө жай намаз бар экенин байкадым.

Умида Абдикадирова коллеждин жетекчилиги ушуну эске алып, жатаканада намазкана да ачып койгон дейт.


Быйыл май айынын башында окуучу балдарды жатаканадан кууп чыгышканда, жаан жаап, суук болуп, анын айынан көптөрү ооруп да калышкан экен.

Умида "мындан ары менин 253 балам бар" дейт.

16 жашар Алимжан Маматханов бөлмөсүндө орус поэзиясы менен таанышууда. 16.5.2011. AiK.
Биз алатоолук балдар менен баарлашып, алардын жашоо-тиричилиги, ой-максаттары тууралуу сурадык.

Алимжан Маматханов бөлмөдөн орус тилинде поэзия китебин окуп аткан экен (сүрөттө).

Анвар Рыскожаев Ош шаарынын Ломоносов мектебинин бүтүрүүчүсү. Бул жакта билим алып жатканына аябай ыраазы.

Дастан Абдувахидов Өзгөн шаарындагы Салижан Шарипов атындагы мектептин бүтүрүүчүсү. Ржевдеги коллежди бүткөн соң унаа оңдогуч болот.

Балдар менен маектешип бүткөн соң, Жаныбек Карымшаков мырза менен шаар бийликтерине барып жолуктук.

Оболу биз соттун чечимин аткарган кызматкер менен жолугуп, андан соң шаардын мэри Александр Щетининге бардык.

Щетинин алгач 300дөй бала Ржевге келгенде, шаар бийликтери кооптонгонун, бирок азыр балдарга каршы терс маанай жок экенин билдирип өттү.

Шаар акиминин билдиришинче, жатакананы жабуу мыйзамдуу түрдө, соттун чечимине ылайык аткарылган.

Бирок Ржев шаарынын акими 6 айдан бери балдар эч кандай тополоңго аралашпаганын баса белгилеп, мындан ары алар Ржевдин жашоочулары менен камыр-жумур болуп аралашып кетээрине үмүттөнөөрүн билдирди.

Андан соң Ржевдин район аралык прокурору Евгений Блохин менен да жолугушуу болду, ал коллеждин жетекчилигинен өрт коопсуздугу боюнча эрежелерди сактоону өтүндү.

Жаныбек Карымшаков бул жолугушуулардан соң, кыргызстандык окуучу жана студенттер үчүн дурус жыйынтык чыгат деп үмүттөнөт.

Балдарды алдыда күтүп турган дагы бир окуя – аларга Кыргызстандын паспортторун тапшыруу. Алар 17ге чыгайын деп калгандыктан, Орусия бийлиги жыл ортосунда алар Кыргызстанга барып, паспортту ошол жаткан алышы керек деп талап кылган.

Бирок бул суроо консулдуктун жардамы менен чечилди, эми бул келгин балдарга Кыргызстандын паспорту Орусияда эле тапшырылмакчы.

Балдар “Кыргызстан - биздин үйүбүз, биз ал жакка сөзсүз барабыз” деп жатышты.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG