Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:30

Хакасиядагы кырктай кыргыздын үйү күйүп кетти


Тилсиз жоо 3000дей койду, 700дөй бодо малды тирүүлөй жалмап, ондогон короо-сарайларды кыйраткан.
Тилсиз жоо 3000дей койду, 700дөй бодо малды тирүүлөй жалмап, ондогон короо-сарайларды кыйраткан.

14-апрелде Хакасия республикасы өрт курмандыктарына байланыштуу аза күттү. 12-апрелде башталган өрттөн Хакасиянын өзүндө эле 23 киши каза тапкан.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдагандай, ондогон шаар-кыштактарда бир миңге жакын киши жарадар болду. Бир жарым миңдей турак жай өрттөнүп, кеминде беш миң киши үйсүз калды. Жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар да бар.

Тилсиз жоо 3000дей койду, 700дөй бодо малды тирүүлөй жалмап, ондогон короо-сарайларды кыйраткан.

Каза тапкандардын жана жаракат алгандардын ичинде кыргызстандык мекендештер жок болгону менен, үй-жайы, тапкан-ташыганы тыптыйпыл күйүп кеткендер болду.

Өрттөн кара башын гана куткарып калууга жетишип, учурда кийим-кече, төшөнчү, тамак-аш жана башка жардамдарга муктаж болуп турган кыргыздарга Хакасиядагы башка кыргыздар, Урал, Сибирь аймактарындагы кыргыз диаспоралары жардам берүүгө киришти. Кыргызстандын Екатеринбургдагы башкы консулдугу тиешелүү министрликтерге кат менен кайрылды.

"Ар бир кыргызга жардам берилет"

Хакасиядагы өрттөн жабыркаган кыргызстандык жарандарды тактоо иштери уланып жатат. Абакандагы “Мен - кыргызмын” уюмунун президенти Азиз Чериков “Азаттыкка” билдиргени боюнча, бүгүнкү күнгө чейин үй-жайы күйүп кеткенин айтып, телефон чалып кайрылган кыргыздардын саны 40ка чукул, дагы башка кыргыздар көп барбаган кыштактарда да өрттөн жабыркагандар болуп калышы ыктымал:

- Кыргыздар жашабаган жерлерге барып калган кыргыздар да болуп калуусу мүмкүн. Азырынча иликтеп атабыз. Вице-консул менен да чогуу барып, так маалыматтарды кабарлайбыз.

Хакасия
Хакасия

Азиз Чериковдун маалыматы боюнча, учурда Хакасиянын беш районунда өрттөн жабыркаган кыргыздар менен байланыш бар, алардын бир даарына, тагырак айтканда, Бийск районундагы кыргыздар көбүрөөк жашаган айылдарга тамак-аш, акчалай жардам берилди, жардамды аймакта жашаган башка кыргыздар чогултуп беришкен. Жардам чогултуу дагы уланууда:

- Жабыр тарткан кыргыздарга жардам берүү маселесин кечээ Абакан шаарындагы базар жана башка жерлерде иштеген кыргыздар менен сүйлөшүп, батинке сатканы батинке, кийим сатканы кийим, тамак-аш сатканы ал жагынан жардам бермек болдук. Соода кылбагандар акчалай жардам бере алышат. Бир да кыргыз жардамсыз калбайт деп ишендирем, анткени, кыргыздар жамандыкта сөзсүз биригебиз.

Хакасиядагы өрттөн жабыркагандардын абалы менен таанышуу үчүн 14-апрелде Новосибирскидеги Кыргызстандын вице-консулу Калдарали Маматалиев жолго чыгып кетти. Бул тууралуу Екатеринбургдагы башкы консул Төлөнбай Кожобаев “Азаттыкка” билдирди. Консулдун айтымында, учурда өрттөн жабыркаган кыргызстандыктарга жардам берүү аракети жүрүп жатат:

- Өрттөн жабыркагандарга жардам иретинде Екатеринбургдагы Кыргызстандын башкы консулдугунда иштеген кызматкерлер бир күндүк айлык акысын которушту. Ошондой эле мекендештерге жардам берүү жагын кароону суранып, Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине кайрылуу жолдодук.

Хакасия
Хакасия

Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине азырынча бул кайрылуу келип түшө элек. Министрликтин басма сөз катчысы Абдишарип Бекилов кайрылуу келип түшөрү менен тиешелүү чаралар көрүлөт деп ишендирди.

- Бизге кайрылуу келсе, аларга жардам берүү боюнча тиешелүү иш-чаралар уюштурулат. Биздин жетекчилик муну, эң ириде Тышкы иштер министрлиги менен чогуу карап, макулдашып, ошонун жыйынтыгына ылайык, жардам берилет.

Кытайга чейин жеткен өрт

Бир нече күндөн бери күйүп жаткан өрт Хакасиянын беш районун чулгаган. Кийим-кече, тамак-аш жана башка жардамдарга муктаж кыргыздарга биринчилерден болуп кол сунган чет жактардагы кыргызстандык диаспоралардын “Замандаш” ассоциациясынын президенти Майрамбек Жапановдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, Урал, Сибир аймагындагы кыргызстандык диаспоралардан Хакасиядагы өрттөн жабыркаган мекендештер үчүн акчалай, гуманитардык жардам чогултула баштады:

- Бизге бул кабар жетери менен аймактагы өкүлдөрүбүз менен сүйлөшүүлөрдү баштаганбыз. Алгачкы жардамдарын бергендер болду. Абакандагы Азиз Чериковдон маалымат алып, алар менен чогуу иштешип жатабыз. Буйруса, бүгүн-эртең дагы жардамдар жиберилет.

Хакасиядагы өрттөн жабыркаган кыргыздардын арасында саналуу гана Орусиянын жарандыгын алгандар болбосо, көпчүлүгү Кыргызстандын жарандары. Ошондуктан, алардын турак-жай маселесин чечүү жагы алдыңкы орунда тургандай.

Кургак чөп менен жалбырактарды күйгүзгөндөн тутанган өрт катуу шамалдан улам тез жайылып кеткен. Сибирдин Алтай, Тыва, Забайкалье, Красноярск жана Иркутск чөлкөмдөрүндө да жабыркагандар тууралуу кабарланууда.

Ал тапта Бээжиндин "Синхуа" агенттиги бүгүн өрт Кытай тарапка да жайылганын, Ички Монголия аймагында 30 чакты үй, башка имараттар күйгөнүн кабарлады.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG