Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:33

Орус улутчулдары “имиджин” өзгөртүүнү каалашат


Александр Белов өзүнүн колдоочуларына эми "адамдарды муштумуңар менен коркутпагыла" дегенсиди
Александр Белов өзүнүн колдоочуларына эми "адамдарды муштумуңар менен коркутпагыла" дегенсиди

Орусияда “Мыйзамсыз миграцияга каршы кыймылдын” жетекчиси Александр Белов уюмдун башчылыгынан кетээрин жарыялады. Муну ал “улутчул” делген уюм эми имиджин өзгөртүп, коомдук-саясий турмушка активдүү катышууну чечкени менен түшүндүрдү.

Орусияда скинхеддердин кылмыштарын көптөн бери изилдеп келаткан “Сова” аналитикалык борборунун директору Александр Верховский “Белов тактикалык гана кадамды” жасап жатат деп, бул мигранттарга каршы чабуулдарды азайта албайт деди.

Александр Верховскийдин "Сова" борбору орус улутчулдарынын кылмыштарын каттап келет
Александр Верховский:
А.Белов Орусиянын Кылмыш кодексинин 282-беренеси менен айыпталган. Бул адамды улутуна, расасына же башка өзгөчөлүктөрүнө карап жек көрүү менен жасалган кылмыш дегенди билдирет. Мыйзамга ылайык, ал экстремисттик аракетке барган делет. Биздин мыйзам бул берене менен айыпталган адамга уюмду жетектөөгө тыйуу салат. Эгер буга баш ийбесе, кыймыл түрдүү санкцияларга туш болот. Ошондуктан Беловдун аталган уюмдун жетекчилигинен кетиши – ошол уюмду сактап калууга болгон тактикалык гана аракет. Мыйзамсыз миграцияга каршы кыймыл азырынча жаңы жетекчисин тандай элек. Муну иш жүзүндө “жетекчиликте Александр Белов кала берет” деп түшүнсө болот.

Төрөкул Дооров: Белов кыймылдын жетекчилигинен кетип жатышын улутчул кыймыл тууралуу коомчулуктун алдында “коркунучтуу эмес” деген түр калтырыш үчүн жасап жаткандай түшүндүрдү. Сиздин пикириңизде, азыр Орусиядагы улутчулдар өздөрү тууралуу башкача ой жараткысы келип жаткан жокпу?

Дал ушул Беловдун кыймылы Орусияда жылына 4-ноябрда улутчулдардын "Орус маршын" өткөрүп келген, 4-ноябрь, 2007
Александр Верховский:
Жок. Менимче, мунун баары Мыйзамсыз миграцияга каршы кыймылдын гана өзүндөгү өзгөрүүлөр менен байланыштуу болуп жатат. Былтыр алар жетекчиликке шайлаган оппозиционерлер эч дурус иш жасай алышпады. Ошондуктан бул жолу алар, “өздөрү айтып жаткандай”, буга чейинкиден бир аз жумшагыраак саясат жүргүзө тургандыгын айта башташты.

Төрөкул Дооров: Булар өздөрү “жумшагыраак” болуп жатышканын бийликке келгенге аракет катары сыпатташууда. Алар чындап эле орус бийлигине кире алышабы?

Александр Верховский: Алар бийликке жетишине чейин али көп. Азыр булар бийликтердин кысымына кабылбаш үчүн гана ушундай кадамга барып жатышат. Анткени бул кыймылдын бир топ регионалдык өкүлдөрү учурда түрдүү беренелер менен соттолушууда. Демек, жалпы кыймылга да басым күч. Ошо басымды азайтууну гана каалашат.

Төрөкул Дооров: Эми бул улутчул кыймылдан Белов кетсе, Орусияда мигранттарга кол салуулар да азайышы мүмкүнбү?

2002-жылдан бери ДПНИ кыймылын жетектеп келген А.Белов быйыл майда 1,5 жылга шарттуу түрмөгө кесилген
Александр Верховский:
Беловдун кетиши чет-өлкөлүктөргө каршы болуп жаткан кол салууларга эч кандай таасирин тийгизе албайт. Чынында, Белов буга чейин деле кол салууларды координациялаган эмес. Мигранттарга башка эле кыймылдар кол салышат.

Төрөкул Дооров: Деги скинхеддер арасында Беловдун авторитети кандай?

Александр Верховский: Кайсыл бир деңгээлде, улутчул жаштар аны колдошот. Муну биз Белов уюштурган митингдерден да көрүп жатабыз. Ал эл алдында да жакшы сүйлөй алат. Бирок башка улуттагыларга дайыма кол салып жүргөн агрессивдүү топтор аны анча сыйлашпайт. Алар Беловду “өтө эле жумшак” деп, кээде “бийликтердин тыңчысы” деп да атап коюшат.

Төрөкул Дооров: Александр мырза, сиз жетектеген аналитикалык борбор бир топ жылдардан бери Орусияда чет-өлкөлүктөргө “расалык жек көрүүчүлүк менен жасалган” кол салууларды каттап келатат. Салыштыра келгенде, өлкөдө мындай окуялар, буга чейинки жылдарга салыштырмалуу, өсүп жатабы же азайып баратабы?

"Мыйзамсыз миграцияга каршы кыймыл" (элде ДПНИ деп белгилүү болгон) - Орусиядагы эң ири улутчул кыймылдардын бири
Александр Верховский:
Акыркы бир топ жыл катары менен чет-өлкөлүктөргө каршы чабуулдардын саны өсүп келген. Бирок быйыл биринчи жолу өлкөдө ал азайды. Буга бизде маалыматтын аздыгы себеп болуп жатабы же чын эле абал ушундайбы – азырынча түшүнбөй турабыз. Балким, экөө тең туурадыр. Анткени айрым окуялар жөнүндө маалымат бизге жетпей калат. Анын үстүнө акыркы мезгилдерде милиция да улутчул жаштардын топторуна каршы ишти күчөткөнү байкалууда. Ошондуктан Мыйзамсыз миграцияга каршы кыймыл өңдүү улутчулдардын уюмдары азыр башка улуттагыларга кол салуу эмес, кантип өздөрүн сактап калуу жөнүндө гана ойлоп калышкан.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG