Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:39

Сноуден Орусиядан башпаанек алды


Сноуден аэропорттон чыгып баратканын телеканалдан көрсөтүштү, 1-август, 2013
Сноуден аэропорттон чыгып баратканын телеканалдан көрсөтүштү, 1-август, 2013

Москвада “Шереметьево” аэропортунун транзит зонасында беш апта жашаган Эдвард Сноуден өлкөгө кирүүгө уруксат берген иммиграциялык документ алды.

Адвокат Анатолий Кучерена кечээ журналисттерге сүйлөп жатып, Сноуденге Орусияда бир жыл эркин жашаганга уруксат берилген документти тапшырганын, ал аэропорттон чыгып кеткенин кабарлады.

"Ал коопсуз жерге чыгып кетти, - деди адвокат. - Сноуден бул маалыматты баарыңыздар түшүнүү менен кабыл аласыздар го деп үмүт кылаарын айтып, сиздерге ыраазычылыгын билдирди. Азыр ал үчүн коопсуздук маселеси – олуттуу нерсе".

Орус телеканалындагы маегинде Кучерена Сноуденге Орусияда жашаганга укук берген сертификаттын көчүрмөсүн көрсөттү.

АКШнын Чалгын кызматына чет өлкөлүктөрдүн телефондорун тыңшап, каттарын окуганга мүмкүнчүлүк берген жашыруун программаны ачыктаган Сноуден алгач Гонконгго качкан. “Шеретемьевого” ал 23-июнда конгон. Бирок ошондон бери качкын аэропорттун транзиттик зонасында жашап келди, демек, мыйзам боюнча, Орусиянын аймагына 1-августка чейин кирген эмес.

Азыр аны өз мекенинде “шпиондук кылган” деп айыптап жатышат. АКШнын бийликтери анын паспортун жараксыз деп табышкандан кийин, Сноуден Орусиядан туруктуу башпаанек алыш үчүн арыз берген.

Кошмо Штаттары Орусиядан Сноуденди кайтарып берүүнү талап кылган эле, президент Владимир Путин талапты четке какты. Вашингтон мурдараак айтылган билдирүүсүндө “Сноуденге башпаанек берүү терең көңүл калууну жаратат” деп эскерткени бар.

Президент Путин америкалык качкынга башпаанек берүүгө башкы шарттардын бири катары “Ал антиамерикалык ишин токтотушу зарыл экенин” жана азыр анын айланасындагы чалгын кызматтарынын чатагы эки мамлекеттин алакасын бузбашы керектигин айткан. Адвокат Кучеренанын билдиргенине караганда, Сноуден бул талапты аткарууга макул болду.

Президенттин саясий кеңешчиси Юрий Ушаков кечээги билдирүүсүндө Сноудендин иши орус-америка алакаларын буза тургандай деңгээлде чоң эмес экенин белгиледи.

АКШнын чалгын кызматынын жашыруун маалыматын ачыктаган мурдагы кызматкерге Орусияда башпаанек берилиши Кошмо Штаттарында мына ушуга окшогон окуя үчүн Брэдли Мэнниңди аскерий сот күнөөлүү деп тапкан учурга туш келип жатат. Мэнниң жүз миңдеген жашыруун документтерди WikiLeaks сайтына берген деп күнөөлөнүүдө.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG